Белгилүү бир саясатчы «Атамбаев кыргызга жүз жылда бир келчү апаат» деп айткандай, Алмазбек Атамбаев чындап эле  кыргыздын шоруна, азабына жаралган адам окшобойбу. Убагында оппозицияда жүргөндө «миӊ адам өлсө да, мен бийикти күч менен басып алам» дегенин жанында жүргөн соратниктери кийин айтып чыгышкан. Элге курал таркатып, ондогон адамдардын каны менен бийликке да келип, көксөгөнүнө жетти. Президент болгондо өлкөнүн кайсы облусуна барса, ошол аймактын элин мазактаган, кемсинткен, элдин биримдигине шек келтирген сөздөрдү балп эттирип, өлкө башчынын макамына ылайык эмес билдирүүлөрдү жасады. Анын адекваттуу эмес жүрүм-турумдарына, кыргызды уят кылган кылыктарына бүткүл кыргыз эли 6 жыл чыдады. Оюна келгенин оттогондору аз келгенсип, өлкөнү сазга, карызга батырды. Коррупцияны болуп көрбөгөндөй гүлдөттү. Бишкек ЖЭБиндеги, тарых музейиндеги коррупциялык афералар, Батукаевдин ардактуу коноктой узатылгандыгы, Кой-Таш элдик республикасын түзөм деп, кыргыздын душманындай колуна курал алып, мыйзамдуу бийликке каршы чыгып, элди бөлүп-жаруу аракеттери ж.б. баары Алмазбек Атамбаевдин гана жоопкерчилигинде. Атамбаевчилер эмне деп акташпасын  Алмазбек Атамбаев өзүнүн кылган кылмыштуу иштери үчүн абакта олтурат. Ал үчүн башкалар, кыргыз эли күнөөлүү эмес.

Тилекке каршы, эӊ жогорку бийликте турганда кандай болсо, бүгүн андан бетер «айныды». Бийликте турганда президенттигин бүткүл кыргызга милдет кылгандай иш алып барса, абакта жатканына кыргыз эли күнөөлүүдөн бетер бүгүн эркиндиги чектелгенин колко кылганга өттү.  Буга чейин конвейердик авто унаадан чыкпай догурунган болсо, аз күн мурда сотко барбайм деп көшөрүп, догурунуп, ЖАМК кызматы аны күчтөп алып келүүгө аргасыз болду. Сотко катышуучу адам барбайм деп атса, анан эмне кылуу керек эле? Албетте, мыйзам чегинде эркине каршы алып келинет. Бул окуя Атамбаевчилердин чырактарына май тамызып, көктөн издегендери жерден табылгандай эле болду. «Алмазбек Атамбаевди  ич кийимчен, уруп-согуп сот залына алып келишти, ден-соолугуна зыян кылышты, оор жараттарды алды» деп айгай салышып,  чындыкка коошпогон маалыматты таркатышып, көбүртүп жабыртып жатып калышты. Атамбаевчилер социалдык тармактар аркылуу болушунча Атамбаевди «жертва» катары көрсөтүүгө катуу аракет   кылышса, ЖКдагы депутат уулу «Башын сындырып алса, тамагынан какап өлүп калса,  жооп бересиӊер» деп бийликти коркутуп,  депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Атасынын адаттагыдай «оорусу» кармап, догурунганын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн дегенине жол болсун! А бирок Алмаз Атамбаевдин чындап эле сот залына ич кийимчен, жарааттарды алган абалда алып келгенин тастыктаган бир да факты, видео тасма  жок. Орустар аймакчы, болгону өздөрү каалаганды чындыктай көрсөтүшүүдө. Бул эми бет тырмачылыктын,  наадандык,  акмакчылыктын жеткен чеги.

«Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген чын тура. Жогоруда Атамбаевдер кыргыздын шоруна жаралганбы деп жөн суроо салган жокпуз. Ачык айталы, Атамбаевдерге айла жок экен. Буларды дүӊүнөн Чымкоргоно алып барып дарылаш керекпи деген да ой келет. Сеид Атамбаев ЖКга атасын коргоп, жактап туруу үчүн эле шайланып барган окшойт. Башка учурларда ооз ачпаган Сеид Атамбаев  абактагы атасы  катуураак жөтөлүп калса эле үн бүтүп, жалгандарды чындай айтып, элдин башын айландырып кирет. Кайран гана ага ишеним артып, добуш берген шайлоочулар…

Экинчи уулу Сейтек Атамбаев болсо социалдык тармактарда оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, өзүнүн бокооздугун, беделин, атасындай эле адекваттуу эместигин  көрсөтүп келүүдө. Мындан эки жумадай мурда «Кыргызстан түндүк менен түштүккө бөлүнүшү керек» деген мааниде  пост жазып, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Социалдык тармакта активдүү колдонуучу болгондуктан, мындан кийин дагы элди бири бирине тукурган билдирүүлөрдү жазса, таӊ калбайлы.

Сүрөтчү кызы буга чейин жылаӊач сүрөттөрү, уят видеолору менен жалпы кыргызга таанылса, ага уялып калгандын ордуна  анысын жетишкендик катары сыпаттаган болсо, кечээ жакында эле президентти шылдыӊдаган, мазактаган аморалдык «чыгармачылыгы» менен дагы бир жолу атасынын накта кызы экенин далилдеди.