14-мартта Бишкекте жалгыз атчандын жүрүшү болгон. Анда Россиянын президенти Владимир Путиндин “Мы с вами” деген жазуусу бар сүрөтүн артына байланып, колуна Кыргыз Республикасынын желегин көтөргөн жаран Бишкектин көчөлөрүн аралап бастырган. Жалгыз акцияга чыккан Ош ИИБинин мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровду сөзгө тарттык.
Белгилей кетсек, Абдылда Капаровдун бул биринчи жолку жарандык атчан жүрүш менен биринчи жолу билдирүүсү эмес. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин жана Жээнбековдун бийлик тушунда, алардын саясатына каршылык билдирип чыккан. Жыйынтыгында, Акаевдин убагында бир жылга, Бакиевдин тушунда 2 жыл, Жээнбековдун учурунда 3 жыл камалган. Ал эми 14-марттагы жүрүшү үчүн Садыр Жапаровдун бийлиги кезинде 3 саат сурак бергенин айтат.
- Эмне себептен жүрүшкө чыгууну чечтиңиз? Ким айтты, ким кеңеш берди? Өзүңүз ойлосоңуз себеби эмнеде болду?
- Кыргыз мамлекетинин жүрөгү болгон Бишкек шаарында Россиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтүн артыма байлап, “Биз сиз менен” деп жазып алып жүрүшкө чыктым. Буга эки күндөй даярдандым. Биз союз убагында Россияда, Украинада билим алып калдык. Украиналыктар да бизге душман эмес. Бирок алар заман талабына жооп бере турган күчтүү куралдарды алып, айрым аймактарынын элине 8 жылдан бери тынчтык бербей келишти. Аны токтотуу үчүн Путиндин жасаган кадамы туура болду деп эсептейм. СССР убагынан бери орус эли менен жуурулуштук, анын аймагында мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктардан тышкары, боордош улуттар бар. Мисалы, кала калпак, башкыр, хакас, якут ж.б. Ошолорду ойлосок дагы биз Россия менен чогуу болушубуз керек. Украинанын бийлиги жалданма, эл арасына дүрбөлөң салган жалданма тарап менен биригип алып, элине тынчтык бербей келди. Эми алар “жылжыткан жылжытпагандын бетин тытат” болуп догурунуп жатышат. Мындай кырдаалда Россия менен чогуу болушубуз керек деп эсептейм. Ал жакта канча миңдеген мекендештерибиз жүрөт. Жашоо-турмушун ошол жактан оңдошту, үй алып, жайгашып калышты. Ар кайсы тармактарда, медицина, билим берүү, күч органдарында иштеп жатышат. Бизди алар өгөй баладай четтетишкен жок. Мындан ары да байланышыбыз күчөйт деп ишенем. Пандемиядан улам катнаш бир топ солгундады, бирок алдыда поезддер кайрадан жүрүп калаар деп жатам. Айрым аткаминерлер түшүнбөй, “учак менен учкула” деп атышпайбы. Учак менен кыргызды талап-тоноп, мамлекеттин мүлкүн жегендер гана уча албаса, карапайым элге кыйын болуп калаарын түшүнүшкөн жок. Бирок мунун баары убактылуу, азыркы кырдаалга чыдашыбыз керек, алдыда баары жакшы болот.
- Буга чейин да атчан жүрүш жасаган экенсиз, анын жыйынтыгы бир топ кейиштүү болгонун да билебиз.
- 2005-жылы “Аскар Акаев бийликтен кетиңиз. Сиз башкара албай калдыңыз, Кыргызстанды жок кылганы баратасыз”, - деп атчан жүрүш кылгам. Бакиевдин убагында дагы бир нече жолу каршылык акциясын жасап, “Сизге жеткирбей Баткен облусундагы завод-фабрика, тоо кен ишканаларын Кыргыз мамлекетинин ички душмандары сатып, эч нерсе калбай калды” – деп билдиргем. Ошол Кадамжай сурма комбинаты, Сүлүктү шахты ж.б. ири жумуш орундары менен камсыз кыла турган ишканаларды Россиянын жардамы менен салганбыз. Анан ушундай учурда орус элин колдобосок, качан колдойбуз? Кийин Сооронбай Жээнбековго да чындыкты айтып чыктым. Ар бир президент ар кандай реакция кылды.
- Эки күн даярдандым деп жатасыз, кандай даярдыктар тууралуу сөз болду?
- ЦУМдун жанындагы Турдакун Усубалиев убагында салган жер өткөөлгө барып, Владимир Путиндин сүрөтүн алдым. Өзүм тандап, Россиянын желегинин алдында турган сүрөтүн жактырдым. Чыгарган балдарга “Мы с вами” деп жазып бергиле дедим. Анан Эски Толчокко барып казармандык балага сүрөттү рамкага салып жасаттырдым. Анан ат менен баратканда түшүп калбасын деп ойлоп, кур менен белиме байладым. Кыргызстандын желегин сатып алдым, сабы ичке экен, эки жакка булгалаганда сынып калчудай түрү бар. Ошондуктан, аны “Кыялга” алып барып сабын бекемдетип тиктирдим. Ал жердеги тигүүчүлөр “Бизге оңдотууга желекти биринчи жолу алып келишти”, - дешти.
- Жүрүштү УКМКнын имаратынын алдынан баштаган экенсиз, андан ары кайсы жерлерге бардыңыз?
- Атты жүк жүктөөчү автоунаа менен алып келип, УКМКнын ары жагындагы ыңгайлуу жерге түшүрдүм. Анан УКМКнын жанынан өтүп, Тышкы иштер министрлигине бардым. Бийликтин бир бутагы болгон Жогорку соттун имаратына бардым. Андан соң Жогорку Кеңештин алдынан, Өкмөт үйүнүн жанынан өттүм. Бул жүрүштү жасаганыма абдан ыраазымын. Кыргыз мамлекетинин желегин көтөрүп өттүм. Көчөдөн жолуккандар жакшы кабыл алып жатышты. Анткени, ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн жок дегенде бир мүчөсү Россияда. Сүрөткө тартып жаткандар болушту. Мен бул жүрүшкө чыгаарда эч кимди кабардар кылган эмесмин. ММКларга да маалымат бербегем. Көчөдөгү эл аркылуу эле интернетке тарап кеттим. Жогоруда айтылган имараттардын жанынан өткөнүмдөн кийин милиция кызматкерлери тосуп алышты. Алар мени укук коргоо органына алып барып, анча-мынча сурак кылышты. 3 сааттай кармалып чыксам эле сүрөтүм интернетке тарап кетиптир. Тааныштарым телефон чала башташты.
- Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Тарыхта биз көп нерсени басып өттүк. Кыргыз элинин башынан көп окуялар өттү. Үч жолу бийликти күч менен алмаштырдык. Чынын айтканда, Украинанын президенти Зеленский шоумен, артистигин бийликке келгенден кийин да таштай албады. Ошол киши бийликтен кетсе Россия-Украина мамилеси бекемделип, дүйнөнү кабатыр кылып жаткан кырдаал турукташат эле деп ойлойм.
- Өзүңүз тууралуу маалымат айта кетиңиз, кайсы жактарда иштегенсиз?
- Милициянын кадрдык офицеримин. Союздун убагында Карагандыдагы офицерлерди даярдоочу жогорку мектепти бүтүргөм. 30 жылдан ашуун укук коргоо органында иштедим. Акыркы кызматым – Ош ИИБин жетектедим. Учурда ИИМ ардагеримин.