Өлкө кыйынчылык менен алдыга жылып жатат. Аны курчаган түркүн түстүү каршылыктын арасын сүзгөн кайыктай эле болуп калды. Азыркы бийликке да оңой болуп жаткан жери жок. Алынган Кытай кредиттеринин максатсыз пайдаланылышы, аны график боюнча төлөө, коррупциялашкан чиновниктердин териштирилчү иштери, чегара маселесинин жарылышы ушулардын баары жыйылып азыркы бийликтин мойнуна оор жүк болуп түштү. Анан калса учурдагы дүйнө кризиси, пандемия ага кошул ташыл болду.
Жоо жакадан алганда ит этектен алат болуп качкын болуп жүргөн мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков чет элдик кастарын тиккен саясатчылар менен биригип тамтуң баскан республикабызга кайрадан бүлүк салууну көздөйт.
Өлкө ичинде Мадумаров сыяктуу ички душмандар тиш кайрап баш көтөрүп жаткансыйт. Баарыбыз биригип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарбасак акыбал оорлоп кетти.

Буулак: argument.kg