Антикризистик чаралар аткарылабы?

АКШнын, Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы кагылышууларга (аны Россияда согуш деп атоого категориялуу тыюу салынып, бузгандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө жаза киргизилди)  Россияга каршы киргизген “тозоктун санкцияларына” байланыштуу рублдин дүйнөдөгү негизги валюталарга карата куну кескин төмөндөп, анын артынан сомдун куну кете баштагандыгына, Россия өсүмдүк майларын, кумшекерди, унду сыртка чыгарууга тыюу салгандыгына байланыштуу Өкмөт антикризистик чараларды көргөнгө өттү. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин маалыматына ылайык, анын укук-ченемдик актылары даярдалыптыр. Алардын бири -  зарыл товарларды импорттогондорго кошумча нарк  салыгын (НДС) жеңилдетүү. Мындан сырткары, биздин оюбузча, дан эгиндерин, унду, өсүмдүк майларын, кантты, эт азыктарын  сыртка чыгарууга да тыюу салынат болуш керек. Эң негизгиси, сомдун кунун турукташтырып, кармап калуу. Антпесе Россиядагы абалга жараша сом арзандап, азык - түлүктөр, башка зарыл товарлар кымбаттай берет.

2019-жылдан бери Өкмөт 4 антикризистик чараларды киргизди. Алардын баары максатына жетпесе да оор учурларда “жаздыктын” милдетин жакшы эле аткарды, инфляцияны азайтты. Бул жолку чаралар андай боло алабы?

Мурдагы антикризистик  чараларды ишке ашырууга чет элдик донорлор чоң жардам беришкен. Ковидке байланыштуу эле Кыргызстан сырттан 470 миллион доллар грант, кредиттерди алган. Тилекке каршы, бул ирет андай болушу абдан кыйын, Батыштын жоомарт өлкөлөрүнүн, эл аралык каржы уюмдарынын бардыгынын көңүлүнүн борборунда Украина болуп жатканда, бизди алар эстен чыгарып салуусу да мүмкүн. Анын үстүнө быйыл эмгек мигранттарыбыз которгон каражаттардын көлөмү да 40 пайыздай кыскарышы күтүлүп жатат. Россия чет өлкөлөргө 10 миң доллардан ашык алып чыгып кеткенге, 100 миң рублден ашык акча которгонго тыюу салды. Жакында Екатеринбургдан Бишкекке 38 миллион нак рубль менен учканы жаткан жараныбыз кармалып, акчасы конфискацияланды. Ал жеке өзүнүн акчасыбы же акча ташыгыч курьер беле, анысы белгисиз, жашы жыйырмадан жаңы ашканына караганда курьер болсо керек. Эмнеси болсо да биздин жетекчилер анын жана башка нак акча менен келе жаткандардын, ири көлөмдө акча которо тургандардын укуктарын да коргоосу, бул максатта Россиянын өкмөтү менен бир макулдашууга келүүлөрү  зарыл. Дагы 300 жыл бирге болобуз дегенден кийин бизге Россия тараптан кандайдыр бир преференцияларды, жеңилдиктерди күткөнгө, талап кылганга акыбыз бар.

Тилекке каршы, антикризистик чараларда өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөргө гана негизги басым жасалат окшойт. Жардамды бизге Кытай менен Россия, азиялык каржылык уюмдар гана бериши мүмкүн. Башкалардан бир нерсе өнүшүнө ишенүү кыйын.

Мындан аркы абал кандай болот?

Мындан аркы абал Украинадагы кырдаалга жараша болот. Бирок ал жердеги абал жакын ортодо тынчыбайт окшоп калды. Эки тарап тең бири-бирине аткарылбас талаптарды коюшууда. Ал жерде кагылышуу токтогон күндө деле  АКШнын, Батыштын санкциялары ар кандай шылтоолор менен 2-3 жылга чейин алынбайт. Ага чейин рублдин да, сомдун да кундары биротоло төмөндөп кетиши мүмкүн. Бирок Россиянын 2-3 айдын ичинде рублдин курсун турукташтырып, атүгүл дүйнөдөгү негизги валюталарга карата кыйла бекемдегенге мүмкүнчүлүгү бар. В.Путиндин негизги ою -  Украинадагы максатын гана эмес, “Батыштын жардамы” менен көптөн бери пландаштырып жүргөн экономикалык, каржы саясатында кескин бурулуш жасоодо окшоп калды. Ал кандай максат, кандай жаңы саясат?

Россия Украинанын ээлеп алган жерлериндеги орустар көпчүлүктү түзгөн аймактарына дагы 3-4 республика уюштурат. Херсон республикасын уюштурганы жатканы жөнүндө маалыматтар ЖМКларга таркоодо. Анан аскерлерин Донецк, Луганск республикаларынын  эски чектерине (мурда бул республикалар өздөрүнүн административдик аймактарынын үчтөн бирин эле көзөмөлдөшкөн) алып келип жайгаштырат да кагылышуу бүттү, эми тийишсеңер тактикалык ядролук курал колдонобуз деп опузалай баштайт. Өзөктүк куралдардын, баллистикалык ракеталардын арсеналдары турганда  Россияга тийишүү өтө эле кыйын. Ошол эле мезгилде АКШнын, Евросоюздун, Англиянын валюталарын Россияда жүгүрткөнгө, бааларды аныктап, жараналаганга  категориялуу тыюу салып, КМШ өлкөлөрү менен рубль аркылуу гана соода жүргүзгөнгө өтөт. Батыштагылар  заманбап товарларын, технологияларын Россияга экспорттоого тыюу салышкандан кийин доллардын, евронун, фунттун Россияга зарылчылыгы деле болбой калат. Рублдин курсун доллар, евро эмес, Россиянын Борбордук банкы гана аныктай баштайт. Сталин 1949-жылы “булардын долларына биздин 60 тыйын деле жетет” деп аныктатса, ал кырк жылга жакын сакталгандай, анда ЕврАзЭШтин аймагында доллар менен евронун куну кескин түшүп кетиши ыктымал. Россиянын өзүн өзү зарыл нерселер толук камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү жетет, заманбап жабдууларды, технологияларды Кытайга саткан нефти, газ жыгач, темир материалдарынан деле ала берет. Батышка  керектелчү ишенимдүү валюталар ал жакка агымдары биротоло токтой элек нефти, газдан деле түшүп турат. Мисал үчүн айтсак, газ, нефти сатуусу чектелгендигине карабастан азыр Россияга алардан күн сайын 1 миллиард  түшүп турат. Бекеринен В.Путин “СССР көпчүлүк учурда санкциялардын алдында эле жашаган” дегенди кыйытпады.

Эгерде андай кардиналдуу чараларга барса, Россиянын өзүнө жакшы болот. Авто, авиа, машина, станокторду ж.б. куруу өнөр жайлары кескин жанданат. Жаңыдан миллиондогон жумушчу орундар түзүлөт, алардын аркасы менен биздин эмгек мигранттарыбыздын да иштөө мейкиндиктери кеңейет, рублге кошо сом да бекемделип, короздой койкоңдой баштайт. Анткени, жабык экономикада инфляция  деген болбойт. Өзүбүздүн сомдун абалы бизге көз каранды болбой турган заманда бир жагынан бизге ошонусу да ыңгайлуу.

Эйфориядагы Батыш “тозоктун” санкцияларын күргүчтөтүп киргизди. Бирок өздөрүнүн андай батылдыктарына өтө катуу өкүнүп калышы да мүмкүн болуп баратат...

Тынчтыкбек  Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити