Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз соцтармактагы баракчасына учурдагы дүйнө кырдаалы боюнча пикирин жарыялады.
"Париж алыс дагы, жакын дагы…
Алыстыгы: күндө көрүшүп ал акыбал сурашчу жакын тууган, досторуңдун жоктугу. Бар болгону үркөрдөй болгон элчиликтин кызматкерлери менен жаңылыктарды бөлүшүп, ошого жараша аракетибизди кылабыз.
Орусия Украина чатагы акырындап дүйнөнү экиге бөлүп келе жатат. Анын запкысы Кыргызстанды кыйгап өтө албасын да түшүнүп турабыз.
Жакындыгы: Кыргызстанда болуп жаткан ар бир окуя жүрөгүңдүн бир жерин “зырп” дегизип өткөнү. Дагы бир чоң сыноонун алдында тургандайбыз. Эл дагы чайпалып “алда эмине болуп кетээр” экен дегендей ар бир добушка зааркай кулак тосуп калды. Ушундай убакта “көйгөйдү кантип чечебиз” деген топтор пайда болуп, арасында баш көтөргөн азаматтар нардай жүк көтөрүп кеткенин далай жолу көрдү элем.
Азыр дагы ошол убакыт жакындап калгандай көрүнөт. Көп сабак алдык. 90-жылдардагы ачкачылыкты көрдүк. Анда даяр эмес элек, эсибиз эңгиреп кыйынчылыкка тушалдык. Андан кийин революциялардын катарына кубө болдук. Ош окуясы чыкты. Пандемияны эки жолу баштан өткөрдүк. Ар бир жаңы кыйынчылыкка (менин баамымда) жообубуз, туруктуулубуз уюшкандыгыбыз көтөрүлүп келе жатат. Эми бул кризиске да ошол тажыйрбабыз керек болуп турат. Пандемияда, державалардын алы жетпей турган кырсыкка, кыргыз эли ынтымак менен гана кебелбей туруп бере аларын көрсөтө алды.
Жаман айтпай жакшы жок дешкен бабаларыбыз. Жаманга даярданып туралы, жакшылык өзү келет. Текши уюштуруучулук керек. Ал сапат баарыбызда бар. Бүт күчтөр: саясий, экономикалык, элдик ресурс бир муштум боло алсак бул этаптан жеңил чыга аларыбызды буга чнйинки тарых өзү далилдеп турат. Ушундай кезде ар дайым авангардда болгон, чыгармачылык менен эркин ой жүгүртө алган өнөр ээлери, каламынан кара дөө сестенген журналистер, орошон ой калчап, акыл менен айткан сөзүнө Ала-Тоо муюган акылман, эл жакшыларынын ролу өтө таасирдүү дагы керек дагы.
Ким болбосун, болгон күчүбүздү калкыбыздын келечегине жумшасак, каруубузду казык, кара жаныбызды азык кыла алсак анда тарыхтын дагы бир алтын барагын ача алабыз, дагы бир урпактар сыймыктанып, улама кылып айтаар даңаза иш жасай алабыз деп ишенем. Болгондо да дүрбөлөңгө алдырбай, дүйнө эли сыймыктанаар иш жасайлы. Эмгегибиз эл үчүн болсун. Эгемендүүлүктүн жоопкерчилигин бирге көтөрөлү. Ошондо Париж болобу, Лондон же Чикагобу баарыбыз жакын болобуз. Бизди бириктирген улуу күч пайда болот.
Кыйынчылыкты кайрат менен дем, акыл-көрөңгө гана жеңе алган. Кайраттуу бололу, сабырдуу бололу. Ар бирибиз ким болбосун: мугалим, саанчы, эртеңкинин камын ойлонгон дыйкан же тоодо карышкырдан малын кайтарган малчы болобу өзүбүздүн милдетибизди так аткара алсак, ошол ишибизде “мамлекет” деген ойду кошо алып жүрө алсак анда кандай кыйынчылык болсо да артка чегинет.
Бар бололу, бир бололу!" - деп жазды элчи.