УКМК Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулар боюнча Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Альнур Мусаевдин “Кыргызстандын жетекчилиги менен Россиянын жетекчилиги сүйлөшүп, ага аскердик жактан жардам көрсөтө турган болду” деген чындыкка жакындабаган билдирүүсүн таркатканы үчүн “NЕХТ ТV” телеканалынын жетекчилигине карата кылмыш ишин козгоду. Анткени, мындай билдирүү Кыргызстандын жогоруда аталган эки өлкөнүн кагылышуусундагы тышкы саясатын, позициясын теңирден тескери бурмалап, дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөтүүгө багытталган чагым болуп саналат.
Кыргызстан Россия менен Жамааттык коопсуздук Келишимине, Шанхай кызматташтык Уюмуна мүчө. ЖККУнун документинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирине сырттан бирөө кол салып, чек арасын басып кирсе, Уюмдун калган мүчөлөрү агрессияга учураганга аскердик жардам көрсөтүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Бирок, азырынча Россияны Украина басып кире элек, кагылышуулар Украинанын аймагында болууда. Демек, ЖККУнун мүчөлөрүнүн Россияга аскердик жардам көрсөткөнгө укуктук негиздери жок. Аны дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде ЖККУнун бир мүчөсү катары Казакстандын жетекчилиги, анын атайын кызматын мурда жетектеп жүргөн Альнур Мусаев да жакшы билет. Бирок, билип туруп, жогоруда айтылгандай провокациялык билдирүү жасаса, аны аталган телеканалдын журналисттери илип ала коюп, коомчулукка жараналап жибергендери бир жагынан, ЖМК жөнүндө укук-ченемдик актыларды бузуу болсо, экинчи жагынан, эл аралык деңгээлдеги экстремисттик мүнөздөгү чагым, кайраштыруу болуп эсептелет.
Альнур Мусаев мамлекеттик кызматты ээлебейт, ал жеке адам, “NЕХТ TVнын” журналисттери анын билдирүүсүн жарыялардан мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин же башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен байланышып, алардын расмий позицияларын кошо маалымдоолору зарыл эле.
Ушул жылдын январынын башталышындагы коогалаңдуу окуялардан кийин Казакстандын айрым мамлекеттик функционерлери өздөрүнүн күнөөлөрүн башкаларга, анын ичинде кыргызстандыктардын айрымдарына төңкөөгө далалаттанышкандыктарын жакшы билебиз. А.Мусаевдин билдирүүсүн да ошондой аракеттердин бири катары карасак жаңылышпайбыз. Бирок, чет өлкөнүн бизге жакшылык каалабаган экс-чиновнигинин билдирүүсүн таркатып, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөткүдөй “NЕХТ TVга” эмне күч келди?
Андан мурда “Кактус” маалымат агенттиги Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы, Тажикстандын саясатын колдогон фейк маалыматты таркатышып, чыккынчылыкка тете иш кылышкан. Мында айта кетчү нерсе, эки маалыматтык булак тең чет өлкөлөр тарабынан каржыланат, “NЕХТ TVнын” кожоюну Равшан Жээнбеков кандай бийлик болбосун жакшы кызмат бербегендеринин баарына жаалдуу оппозицияда гана болуп келатат. Болсо боло берсин, ал өзүнүн иши, бирок карамагындагы телеканалдын эл аралык экстремисттик деңгээлдеги жоругун дароо өзүнүн саясый иштери менен байланыштырып, “мен анын ээси болгондугум үчүн эле ага каршы кылмыш иш козгошту, башка бирөөлөр болсо унчугушмак эмес. Андан көрө мени камагыла дегени” чындыкка, мыйзамга ылайык келбейт. Чагымды ким жасаса, катаны ким кетирсе, ал өзү жооп берет. Равшан Жээнбековдун тергеп-тескөө аягына чыга электе өтө эле активдүү болуп кеткени: А.Мусаевдин ал провокациялык билдирүүсүн Равшан байкебиз өзү атайылап даярдаткан эмеспи?- деген күдүк суроону жаратууда. Анткени, “NЕХТ TVны” казакстандыктар түгүл, кыргызстандыктардын көпчүлүгү деле билишпейт. Анан кайдан Казакстандын жогорку даражадагы экс-чиновниги “NЕХТ TVга” келип же аны менен байланышып, провокациялык билдирүүсүн бере койду экен? Же “NЕХТ TVда” Альнур Мусаевдин да үлүшү барбы? Минтип божомол жасагандыгыбыздын себеби, Жээнбековдордун ата - бабаларынан бери эле казакстандыктар менен тыгыз байланышта болуп келишкендери эч кимге жашыруун эмес.
Эл аралык абал жаман жагына динамикалуу өзгөрүп баратат. Супердержавалар тирешип, жөөлөшсө, “...оосурса, Борсонай боозуйт” дегендей, биздей майда өлкөлөргө калабалары тийип атат. Мындай убакытта ким болбосун, өзү менен кошо элди да ойлоп, тийиштүү жерлерин бекемирээк кысып, абайлап тиричилик кылуусу керек. “Бутунан жаңылган турат, оозунан жаңылган турбайт”, “бир оозу жаман элди булгайт” деген сөздөрдү эстен чыгарбай жүргөн оң.
Автандил Белеков