Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жакында соцтармактагы баракчасы аркылуу парламенттеши Адахан Мадумаровдун ашыкча эле өзүн өзгөчөлөнтүп көрсөтүү үчүн жасаган аракетине жооп кайтарды. Депутаттын айтымында, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун жалпы жыйында кароо учурунда Мадумаров долбоордун текстинин айрым жерлерин өзгөртүүнү сунуштаган. Бирок регламентке ылайык, мыйзам долбооруна 1-окууда өзгөртүү киргизүүгө болбойт, сунуштар жолдонбойт. Мындай процесс 2-окууда гана каралат. Эл өкүлдөрү мыйзамдын ушул нугун сактоого аракеттенишкенин Мадумаров адатынча терс кабылдаган, "досуңардын долбоорун колдоп жатасыңар!" - дей баштаган. 

Токторбаев жообунда: Сиз өзүңүздү абдан бийик коюп акыл үйрөтүп, текеберликтен бери болбодуңуз. Сиздин образыңыз «волк в овечьей шкуре»! Интрига жаратасыз, публикага ойнойсуз, өзүңүздү пиар кыласыз! 

Экинчиден патриоттуулукту сөз түрүндө эмес иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек! Сиз чыныгы патриотмун деп айтып жатасыз. Бирок иш жүзүндө буга чейин бир канча мамлекеттик тепкичтерди басып өтсөңүз дагы сиздин патриоттук кадамдарыңызды көргөн жокпуз. Мисалы кыргыз-тажик чек арасында сиз аркылуу чырдын башы болгон №5 протоколго (275 метр) кол койгонсуз! Бул азыркы Баткен облусундагы чыр-чатактын эң негизги себеби болуп жатканын сезип жатасызбы?! Жок! Бул биринчиси.

Экинчиси. 2019-жылы Президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп, вице-прьемер-министр Жеңиш Раззаков Ак-Сай айылындагы Аскердик постту, Максат айылындагы аскер мунарасын алдырганда бир жолу да үн катканга жараган жоксуз! Демек, сиз ошол чечимге тымызын макул болгонсуз деп эсептейм.

Үчүнчү. Былтыркы апрель айында Тажикстан бизге карата агрессия жасаганда да сиздин конкреттүү ой-пикириңизди уга алган эмеспиз. Баткен жерине бир басып барганга жарабадыңыз, элден кабар албадыңыз!" - деген. 

Адахан Мадумаров 7-чакырылыш ишмердүүлүгүн баштагандан бери депутаттардан кагуу жегенден жалкыбады. Ар бир жолу өзүнүн өзгөчө билимдүүлүгүн көрсөтөм деп жатып, билимин эмес, тескерисинче атын чыгарууга абдан умтулаарын, өзүн өзү пиарлоону жакшы билээрин далилдеп койгонсуду. Парламенттештеринин ар бир маселеде сөзүн оңдоп жатып "Дүйшөн агай" каймана атка конду. Чыңгыз Айтматовдун каарманы менен биздин депутаттын окшоштугу жок, бири өсүп келаткан муундун кат-сабатын ачууга дилгирленген мугалим болсо, экинчиси өзүн башкалардан бир нече сөөм өйдө койгусу келген адам. Болгону, парламентте мурда - кийин мындай  "мугалим" жок болчу. Ал "биринчи мугалим" болду. 

Негизи эле Мадумаров эзелтен өзүн көрсөтүүгө уста. Саясатчылардын арасында сөз бар: "Мадумаров сүйлөп жатканда укмуш муюп угасың, бирок бүткөндөн кийин эмне дегени эсиңде калбайт", - дешет. Бул куру сөз дегендин далили эмеспи. Адамдын билимин, деңгээлин башкалар сынаш керек, канчалык жөнөкөй болгон сайын улуулугу артат. Ал эми кыйындыгын тастыктоого умтулган сайын иренжүүнү жаратат. Ушул жөнөкөй эрежени Мадумаров түшүнө албай койду.