- Надира Азимовна, бизде жаз жакындаган сайын ар кандай топтор пайда болуп, “бийлик жакшы иштебей жатат”, “бийликти кетириш керек” деген чакырыктарды таштамай адатка айланып калды. Садыр Жапаровдун президент катары ишмердүүлүгүнө бир жыл толду. Сиздин оюңузча, президент шайлоого чейинки убадаларын аткара алдыбы,  ажону кетирүү чакырыктарына негиз болушу мүмкүнбү? Бир жылдан ашык убактагы имшердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

- Сиздин берген сурооңузга бир эле мен эмес, коомдук жана саясий ишмерлер, жарандык активисттер ар кимиси өзүнүн кабыл алуусуна жараша жооп билдирип жатышат. Биз президенттик башкаруу системасына өткөнбүз. Садыр Жапаров келгенден баштап, анын бийлигин эл “элдик бийлик” деп кабыл алды. Анткени, карапайым элдин каалоосу, тандоосу менен бийликке келди. Биздин мамлекетибиздин бир өзгөчөлүгү - Садыр Жапаров бийликте турган бир жылда толук кандуу президенттик башкарууга өтө алдык. Муну референдум аркылуу эл өзү тандады. Экинчиден, мыйзамга шайкеш келтирели деп президенттик башкарууну эл тандап бергендиктен, Конституцияны да президенттик башкаруунун нугундагы системага ыңгайлаштырдык. Ошондуктан, президентибиз жасаган ишинин жыйынтыгы - анын командасынын, кол алдындагы кадрлардын аракетине жараша болот. Өздөрүнүн каалоосуна ылайык, өкмөттүн курамы бекитилди. Бир жылдагы иштерин саясий көз караш менен алганда, Кудайга шүгүр, кошуна мамлекеттер, эл аралык деңгээлде дагы Садыр Жапаровду президент катары таанышты. Кандай тескери ойлор айтылбасын, Кыргыз Республикасынын гаранты, мыйзамдуу президенти болуп иштеп жатат. Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусунда, элдин берген суроолорун, ага узаткан жоопторунан улам, бул кишинин бийликке келишинин бир максаты - “Кумтөр” болгонун биле алабыз. Акыркы он жылда көргөн кордуктары да “Кумтөргө” байланыштуу эле. Ири алтын кен кыргыз элинин кызыкчылыгына иштеп, мамлекеттин карамагында болсо деген. Бүгүнкү күндө “Кумтөр” жарым жылга жакындап баратат, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Ал эми анча-мынча мыйзамдуу кагаз иштери өз убагында бүтсө керек. Биздин коркуп, чоочулай турган жөнүбүз жок. 30 жылдан бери мындай чечкиндүү кадамга эч ким бара алган эмес эле. Садыр Жапаров эрктүүлүгүн, мекенчилдигин көрсөтүп, “ойчул ойлонгуча, тобокелчил тоо ашыптыр” болду.

- Садыр Жапаровдун дагы бир убадасы – коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү болгон эле. Азыр ушул иштердин алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Бийлик алмашкандан кийинки коррупцияга каршы күрөштүн ийгилиги жана кемчилиги сиздин оюңузча, эмнеде?

- Садыр Жапаров мамлекеттин жоопкерчилигин Конституциянын негизинде моюнуна алганы менен жогоруда айтканымдай, анын ишинин жыйынтыгы командасынын аракети менен бааланат. Ал командада Камчыбек Ташиев да бар. Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, УКМКнын төрагасы катары өтө чоң жоопкерчиликтүү кызматты аркалоодо. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ажыратып кароого мүмкүн эмес. Бул экөө бирин бири толуктап турат. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү күндө мамлекеттин ичинде чоң чечкиндүү кадамдарга барып жатканы - кыргыз элине болгон ниеттеринин актыгын, көңүлдөрүнүн түздүгүн билдирет. Алардын Кыргыз мамлекетинин алдында жоопкерчиликти моюндарына алганын эл өзү түшүнүп, билиши керек. Мен аларды он жылдан бери жакындан тааныган, саясатта эриш-аркак жүргөн эжеси катары Садыр Нургожоевич дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти, Камчыбек Ташиев дегенде Садыр Жапаровду түшүнгөндөй болом. Качан бизде коррупция менен күрөшүү ушундай жыйынтыгын берди эле? Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 31 миллиард сом түшкөнүн Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров айтып чыкты, бул оңой акча эмес да. Канча деген коррупционерлер мамлекеттен өөнөп алган байлыктарын кайтарып, жеген-ичкенин кусуп беришти. Кусуп берүү деген одоно угулса да, кадыресе сөздөй колдонуп калбадыкпы. Андан башка да канча деген имараттар мамлекеттин эсебине кайтарылып жатат. Камчыбек Ташиевдин көрөгөчтүгү, бышып-жетилген, коркпогон, кыргыз эли үчүн жанын аябаган инсан экенин ушундан жыйынтык чыгарып билсек болот. Ал Кыргыз мамлекетин өнүктүрүп-өстүрүп кеткенге салымын кошуп, Садыр Жапаровдун бийлигине күч берип, экономикалык жактан да, коопсуздук, моралдык, психологиялык жактан да кубаттандырып, биргелешип иштеп жатышат.

Булак: "Майдан. kg" гезити