Кыргызстандын илим, билим берүү тармактарындагы азыркы абал, көйгөйлүү маселелер жана анын келечекте күтүлүп жаткан кесепеттери тууралуу профессор, физик, КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана билим берүү министри, ректорлук кызматтарды аркалаган Каныбек Осмоналиев менен маектештик.
- Каныбек агай, Сиз бир кездеги улуу держава СССРдин учурунда билим алып, азыр чет мамлекет болуп калган ал кезде Союздун курамындагы республикалардын биринен да билимиңизди өркүндөтүп келгенсиз. Ошол учурда мамлекет илим менен билим берүүгө, жалпы эле агартуу тармагына кандай көңүл бурчу? Алгач ушул суроого жооп берсеңиз.
- Советтер Союзунун учурунда сапаттуу билим алып калганыма өзүмдү чексиз бактылуу деп эсептеймин. Анткени, ал кезден алган билимим мага өмүр шерик болуп, эмдигиче коом ичинде өзүмдүн татыктуу ордумду ээлеп келе жатам. Кем болгон жокмун. Ал кезде бизди бир гана сапаттуу адис кылып даярдабастан, коомдо активдүү турмуштук жана жарандык адам катары дагы тарбиялашкан. Азыр болсо колуңа бүдөмүк дипломду берип туруп: “Төрт тарабың кыбыла!”- дешип, ЖОЖдон кууп чыгып жатышпайбы! Биздин муунду “Өмүр бою өзүңдүн үстүңөн окуп-иштешиң керек (“Век живи, век учись!”)! Антпесең өтө ыкчам өнүгүп жаткан илимий-техникалык прогресстен артта калып, замандын таштандысына ыргытыласың”,- деген кеңештерди айтып, анан турмуш жолуна узатышса, азыр болсо, чала сабат бүтүрүүчү дароо эле аким, губернатор, ректор, министр же болбой эле калды дегенде ЖКга депутат болом деп ар жерди сагалап жүрөт.
Ооба, алардын баарын эле бир өңчөй жамандай бергеним адилетсиз болоор. Мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз дагы бар. Тилекке каршы, он миңден бирөө же экөө болоор. Бирок, турмуштук тенденция жана бүгүнкү күндүн реалдуулугу ошого алып кетип жатпайбы. Туура айтасыз, мен ЖОЖду бүткөн соң милдеттүү делинген эки жылдык мөөнөт менен орто мектепте физика мугалими болуп иштедим. Бул убакыт мен үчүн өмүрүмө оң өбөлгө түзө турган эң сонун турмуш мектеби болгон экен. Институтту артыкчылык диплом менен бүтсөм дагы мага эч кандай жеңилдик берилген эмес. Ал кезде ошондой катаал талаптар бар болчу. Кээ бир жерлерде тааныш-билиштик болгондур. Бирок, мен үчүн андай шарт болгон деле жок. Азыркыга чейин деле ошондой жашоо. Андан соң ОшМУга чакырышып, төрт жыл лаборант кылып иштетишти. Арасында бир жыл СССР ИАнын “Катуу заттар физикасы” институтунда илимий дасыгуудан өткөрүштү. Алган маянам 80 рубль араңдан гана жетчү. Кечинде кара жумуш кылып, үй-бүлө багып, жан сактамай.
Көрсө, мындай турмуш адамды чыйралтат гана экен. Азыр балдарыма айтсам жомоктой кабыл алышат. Неберелерим болсо такыр эле ишенишпейт. 1983-жылдан кийин гана менин чыныгы “илимий Одиссеям” башталды. Бул дагы Совет бийлигинин камкордугу болду. Мени Кыргыз Улуттук Университети аркылуу күндүзгү аспирантурага кабыл алышып, үч жылдык мөөнөткө Эстонияга, болгондо дагы, ЭССР ИАнын Физика институтуна жөнөтүштү. Албетте, мен жалгыз болгон жокмун. Союз боюнча мендей илимге ышкыбоз болгон миңдеген, ал турсун миллиондогон жаштардын бактысын дал ошол СССР өзүнүн гуманисттик саясаты менен ачпадыбы?
Натыйжада, таланттуу жана сапаттуу билим алышкан илимпоздор, инженер-конструкторлор, технологдор, ж.б. гуманитардык адистер өлкөнүн экономикасын дүркүрөтүп өстүрүштү. СССРдин окуу жана илимий системасы дүйнөдө биринчи орунга чыгып, бүткүл планетаны титиретип турду. Ооба, бара-бара стагнация абалына тушукту, Бирок, анын себеби ошол кездеги жыргап-куунаган жашоого ыктап алган саясий конъюнктура, б.а. КПСС БКнин Политбюросу, обком, крайком, райком, шааркомдор болушту го. Аларга түрдүү деңгээлдеги “исполкомдор” дагы жуурулуша кетишти. Эми - бул өзүнчө сөз кылына турган нерсе., б.а. СССРдин трагедиясы! Илим-билимдин андай катаклизимге эч кандай тиешеси жок! Мен СССРдин кубаттуу өлкөгө ХХ кылымдын 40-жылдарына жетпей эле кантип ишенимдүү түрдө айлана баштаганын көп ойлоном. Себептерин изилдейм. Ооба, большевиктердин эң күчтүү куралы болгон. Алар жумушчу-дыйкандар жана коммунисттик каардуу идеология болчу. Анан темирдей тартип. Сөз жок! Бирок, Уинстон Черчилль баш ийип баа бергендей, “Сталин соко айдаган Россияны ядролук державага айлантып койду да!”. Менин оюмча Владимир Ленин СССРди жаңыдан курай баштаганда эле билим берүүгө, сабатсыздыкты жоюуга эң башкы маанини берген. Илим ишин жолго салууга жан үрөп аракет кылган. Анын учкул болуп калган “Окуу, окуу жана окуу”,- деген талабы эле кыйын кезеңдеги кандай эрдик! Сапаттуу билимди, сабаттуу окумуштуулар, мугалимдер гана бере алышат.
- Бирок көпчүлүк учурда 1991-жылы СССР кулаганда анын курамындагы Союздук республикалар, завод, фабрикалар кошо кыйрап, экономикалык кризис жаралгандыгы менен кошо илим менен билим берүү тармагы да өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткендиги айтылбай, сөз болбой келүүдө. Деги эле мындай көрүнүштүн кесепети кандай болууда?
- Бул сурооңо жооп берүү мен үчүн абдан оор. Анткени, менин өмүрүмдөгү эң ыйык жана баалуу болгон билим берүү жана илим системасынын Кыргызстанда толугу менен кыйрап калгандыгы жөнүндө болуп жатпайбы? Бирок, ушундай болуп калбадыбы деп эле ыйлактай бербей, бир аз анализдеп көрөйүн. Кийинки муундарга сабак-мисал болуп калаар!
- Сиз мурдагы билим берүү министри катары республикабыздын орто жана жогорку билим берүү жайларындагы азыркы абалды кандай баалайсыз? Конституция боюнча мектептерде бекер билим берилиш керектиги жазылган менен иш жүзүндө ата-энелер мугалимдерге, мектеп директорлоруна ар кандай мыйзамсыз жолдор менен акча төлөшөт. Баарынан өкүнүчтүүсү, ошол акча мектеп менен катардагы мугалимдердин маянасы же материалдык муктаждыгына эмес, директорлордун сол чөнтөгүнө түшүп жаткандыгы да жашыруун эмес. Балким, турмуш чындыгы акча менен өлчөнгөндүктөн, бул жагын мыйзамдаштырып, тартипке салып деле койгон туура болор?
- Эгемендик алаар замат эле Батыштын кыйраткыч каржы уюмдарынын, б.а. Бүткүл Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, ж. б. у.с. айлакер уюмдардынтаттуу тилине азгырылып, “Песак” деген шылуун программага СССРден калган кубаттуу өндүрүшүбүздү салып бердик. Алар завод-фабрикаларыбызды каалаганча талкалашып, тез арада эле өзүбүздүн шүдүңгүт-шылуундарыбыздын колуна “прихватизация” кылып бере салышты. Жүз миңдеген жогорку квалификациялуу инженерлер, технологдор, жумушчулар аз убакыт ичинде эле жумушсуз калышты. Колунан келгендери коңшу өлкөлөргө кетип калышты. Өтө эле ишээнчектери “жакшы жагына ооп калаар”- деген үмүт менен карап турушту. Эч кайда бара албагандары депрессияга түшүшүп, ооруга чалдыгышып, ичип кеткендери канча болду!Жумушчу орундар кыскарып, экономикалык кризис каптады.
Бул трагедиялуу катаклизм баарынан мурда билим берүү системасы менен илимге катуу сокку урду. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү өндүрүштөн жумуш таппай, тыңдары чет өлкөгө жөнөдү. Калгандары дээрлик түрдө базарларга, мандикерчиликтерге бой урушту. Интеллектуалдык деградация башталды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, кубаттуу эле делинген колхоз-совхоздорду кыйрата башташты. Мен эмне, абалды атайылап күчөтүп сүрөттөп жазып жатамбы? Ошондой эле болбодубу? Айыл-чарбасы боюнча пландаштырылып окушкан агрономдор, мал доктурлар, зоотехниктер, селекционерлер, суу-чарба адистери талаада калышты го. Бийликтин кылы кыйшайып дагы койгон жок!Демократия оюнуна алданып, алаксып жүрүп алышты.
Кезек эми бала-бакчаларга, мектептерге, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларга жетти. Бул жерде кыйратуу тактикасы башкача нук менен кетти. Дароо эле окутуунун мамлекеттик стандарттары Батыштын псевдо долбоорлорунун карамагына өттү. Окуу системабыз аларга баш ийип калды. Ар кандай тажрыйбаларды жүргүзгөн полигонго айланды. “Прихватизация” кылуунун жаңы түрүн ойлоп табышты. Өндүрүштү “Песак” менен талкалагандай кылып коюудан айбыгышты. Кантсе дагы 1,5 миллион окуучу бар, 300 миңге жакын студенттер, б.а. мугалим - окутуучулар менен бирдикте өзүнчө эле армия болуп жатпайбы? Ата-энени кошкондо Кыргызстан элинин жарымы окуу процессине түз катышып жатат. Ошондо мектептерде “түшпөс хан”-директорлор пайда болду. Айрыкча, Бишкек жана Ош шаарларында. Алардын алды 20-30 жылдан былк этпей “командир” болуп отурушту. Каалаган намазын окушуп, төрт тарабын кыбыла кылып алышты.Чыныгы коррупция нак ушул орто мектептенбашталып, гүлдөп өстү.
Мындай жагдай ошол кездеги бийликке майдай эле жакты. Мугалимдерге өп-чап айлыкты ыраа көрүп койду дагымектептин калган чыгашаларын ата-эненин мойнуна илишти.Директорлор же “удельный княздар” мектеп Фонду деген афёраны колбала боло калышкан аз сандагы эле ата-энелер комитеттери менен кошулуп алышып, каалагандай пайдаланышты. Эң башкы трагедия окуучу менен мугалимде болду. Акчаны “жакшы жана убагында” төлөгөн окуучу сүймөнчүккө айланды, жакшы бааларды ала баштады. Аны убагында уюштурган мугалим дагы “почётто” болду. Талантуу окуучу каржыдан кыйналса начар бааларды ала баштады. Депрессияга кептелди. Окууга көңүлү чаппады. Ата-энеси айласын таппай балдарын базарга жетелеп жөнөштү. Окууга тартылбаган балдардын саны кескин өстү. Алардын саны өлкө боюнча 30 миңден ашты деген дагы пикирлер бар. Иши кылса Конституция менен кепилденген милдеттүү жана бекер окуу делинген принцип бузулду. Каар заман орун алып, адамдар бири-бирине ырайымсыз мамиле кылууга өтүштү. Билим системасынын эки негизги субъекттери болгон окуучу менен мугалим, жана студент менен окутуучу четке сүрүлүп эле түрдүү “калибрдеги” функционерлер - айыл өкмөттөрү, акимдер,мэрлер, губернаторлор, Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттары алдыңкы орунга чыга келишти. Министрликтин алкынган чиновниктерин айтпай эле коёюн. Мына, билим берүүү системасындагы азыркы реалдуу абал ушундай.
- Орто билим берүү боюнча дагы бир бүдөмүк жагдай, айрыкча Бишкек шаарында ар кайсы эл аралык уюмдар же чет мамлекеттер тарабынан каржыланган жана курулган мектептер көбөйүүдө. Албетте, алар келечек ээлери болгон балдарыбызга өз идеологиясын таңуулашат. Бул жагдайдын да опурталдуу жагы жокпу?
- Азыркы абал өтө эле аянычтуу. Бирок, аргасын тапсак болот. Ал үчүн мектепти сүйүшүң керек. Ага эч кандай жекече пайдага азгырылбай, чын ниетиңден кызмат кылууң абзел. Көр оокат карасуу ичип, кара нан жеп деле өтө берет. Баштан өтүп эле жүрөт. Азыркы министрге деле кыйын. Жалгыз эмне кыла алмак эле? Анын эң кубаттуу душмандары бар. Алар - коррупцияланышкан кээ бир директорлор, өзүнчө эле мафиоздук топту түзүп алышкан бир топ ректорлор, анан эң башкысы, квазидолбоорлорду системага таңуулап, эбегейсиз пайда көрүп кынык алышкан эл аралык шылуундар, “суперпедагог” болумуштар. Биз абдан эле көңүлчөөк, ишенчээк эл болот экенбиз да! Ыйыктын ыйыгы делинген билим берүү системабызды Батыш-Чыгыштын “экспериментаторлоруна” жем кылып жүрөбүз!
Бизде эмне, окумуштуу педагогдор, чыгаан мугалимдер, патриот уюштургучтар жокпу? Толуп жатат!Кадр маселеси гана адилет, эч кандай тааныш-билишсиз чечилүүсү зарыл. Кыйындын-кыйыны, тазанын-тазасы тартылышы абзел. Анан темирдей тартип, компромиссиз жана принципиалдуу аракет. Өзүбүздүн улуттук окуу системабызды эң сонун түзүүгө кудуретибиз жетет. Полигон кылууну тыйышыбыз керек. “Жетишет, болду! Тамаша-оюндардын баары бүттү!”-деп катуу кайрат менен билим берүү жана илим системасын колго алууга мезгил жетти. Ооба, албетте, дүйнөлүк педагогикалык прогрессивдүү системанын контекстинде!
Конституциялык нормага ылайык, анын 22-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүкчөсүндө: “Мамлекет мамлекеттик уюмдардын ишин каржылайт жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат”- деп кашкайта жазылып турат! Баш мыйзамдын 46-беренесинин 3-пунктун окуйлу: “Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу”!Дагы эмне керек бизге?Баары түшүнүктүү эле болуп турбайбы? Ал эми иш жүзүндө баардык эле мектептер өз көйгөйлөрүн ата-эненин мойнуна илип коюшкан. Социалдык катмардын түрдүүлүгүнө жарашаокуучуларда моралдык деградация күч алган. Мурда эле ошондой болчу, азыр деле өзгөрүү жок!Мектепте акча жыйнап окутуунун өзү кылмыш. Аны мыйзамдаштыруунун аракети он эсе кылмыш болуш керек. Мамлекет өз милдетин аткарууга милдеттүү. Оокатыбыз өтпөй калса дагы баардык каржыны окутуу менен саламаттыкты сактоого "урушубуз" керек. Эгерде, келечекти ойлосок мындан башка жол жок. Ресурстарды үнөмдөөнүн 10%ын дагы аткара элекпиз! Административдик чар-жайыттык эле канча каражатты мойсоп келет.
Европа өлкөлөрү мектептерин мамлекеттик жана муниципиалдык статуска өткөрүп жатышат. Биздеги тенденция тескерисинче. Мен ушул жашка келип бюджетибизден билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын сарпталуу структурасын такыр биле албай койдум. Министрлер Кабинети эми ушуну бир катуу “силкинип” карап койсо! Мамлекеттик мектептердин абалынан пайдаланып кээ бир “чайкоочулар” массалык түрдө менчик мектептерди ачып киришти. Окутууга укук берген лицензияны алыш оңой эле. Жолун элдин баары эле билишет. Аны тыйган эч ким жок. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп бир ууч “Асан кайгылар” эле жүрөбүз. Билим берүүдөгү функционерлер аталган жагдайга түкүрүп дагы коюшпайт. Анан жазгы козу карындай болуп жеке менчик мектептер жайнап кетпедиби.
- Азыркы илим менен техника космостук бийиктикке чейин чыккан доордо өнүккөн өлкөлөрдө эң оболу илимий-техникалык прогресс алдыда баратат. Мисалы, ошол эле АКШ, Япония жана башка өлкөлөрдү алсак, аларда улам бир жаңы техника ойлоп табылып, аны сатуу менен байып жатышат. Бизде деле килейген Илимдер академиясы, 50дөн ашык жогорку окуу жайлар бар. Эмне үчүн аларда жок дегенде велосипед, тиш чукугуч да ойлоп чыгара алышпайт?
- Бул дагы оор маселе болуп калды. Өзү билим берүү системасы биздин Улуттук идеологиябыздын очогу болушу керек. Башка варианттар алаксытуу же өз кызыкчылыгын көздөгөн эле адамдардын позициялары. Бул жагынан биз, тээ 90-жылдары эле катуу аксаганбыз. Чет элдик билим берүү эмиссарлары эч кандай тоскоолдуксуз эле өздөрү билген намаздарын окуп көнүп алышкан. Министрлик лицензия берип жатканда программанын 30%ы улуттук компонент болушу керек деп талап коёт. Мурда ошондой эле, азыр кандай билбеймин. Бирок, аны аткарган бир дагы менчик мектептер жок болуш керек. Биз кыргыздар мүнөзүбүзбоюнча намыстуу, анан атаандашчыл эл болобуз. Бул жакшы касиет. Пассионаристтик касиетибиздин бир атрибуту. Бирок, балдарыбызды атаандаштык жол менен түрдүү чет элдик мектептерде окутуп жатканыбыз, алардын келечекте кыргыз жараны болуп тарбияланып чыгуусуна шарт береби?
Менин чоң күмөнүм бар. Мисалдар толтура. Кыргыз салтынан жийиркенип, тилин сыйлабаган балдарыбыздын бүтүндөй бир муундары өсүп чыгышты го. Алардын алды министр болуп жатышат. Мейли билим алуунун тандоо эркиндиги керек. Бул дагы конституциялык укук. 46-берененин 5-пунктунда атайын норма киргизилген.Бирок, анын преамбуласында жана 65-беренеде “элдик нарк, салттар жана үрп-адаттар мамлекет тарабынан колдоого алынат”-деп турат го? Бул жагы кандай болуп калат? Мен менчик мектептерге жана ЖОЖдорго каршы эмесмин. Бирок, катуу тартип менен Кыргызстаныбызды келечекте башкарып кете турган патриот муундар тарбияланып чыгуусу керекпи? Же “Общий дом” болгонбуз деп отура берелиби? Өзү билим системасына акча аралашканда эле өлдүк дей беришибиз керек экен! Ойлонолучу! Эмне үчүн Германия, Франция, ж.б. европалыктар акыркы жылдары университеттеринде өз жарандарын бюджет менен гана окутуп киришти. Япония менен Кытайды айтпай эле коёюн. Акылдары бизге караганда тайкылыктанбы? Асмандан жерге түшөлүчү. Бизге жат, чагымчыл жана кыйраткыч идеологиянын кулу болуп калбайлы, айланайындар! Балдарыбызыдын убалына калганы турабыз!
Илим - билим алуунун көөнөргүс казынасы. Ар бир мугалим, педагог жана тарбиячы илим менен тынбай алектенип турбаса ал тез эле четке чыгып, заманынан артта калып, адис катары жараксыз сөлөкөткө айланат. Анткени, алар жаш, дүркүрөп өсүп келе жаткан муундар менен иштешет. Ар дайым өзүнүн “илимий формасын” жогорку деңгээлде карманып келүүсү зарыл болгон муктаждык. Азыр илим мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Илим азыр бир дагы чек араны тааныбай, трансулуттук мүнөзгө ээ болуп алды.
Атактуу саясатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уинстон Черчилль жазган экен: “Наука способна расширить границы каждого государства, не сужая границы соседей, и увеличить благосостояние каждого народа, ничего не забирая у других!”- деп. Илимдинбүткүл дүйнөлүк касиети кандай зор экендигин Черчиллдейэч ким деле так айта албаса керек. Азыр илимдүү өлкөлөрдүн гана гегемондук доорлору орун алып турган кез.
СССР дагы убагында илимдин таасири менен гана дүркүрөп өскөн. Чыныгы интернационалдык принципти карманган. Баардык Союздук республикаларда, анын ичинен бизде дагы илимий институттар ачылып, Илимдер академиялары түзүлгөн. Бул принцип боюнча орустун атактуу жазуучусу Антон Чеховдун абдан таамай айткан сөздөрү бар: “Национальной науки нет, как нет национальной таблицы умножения; что же национально, то уже не наука” - деген. Тилекке каршы эгемендикке ээ болоор замат Кыргызстандын төбөлдөрү илимди дароо эле унутуп коюшту. Жаңы илимий кадрларды даярдоо, илимий-техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу мындай турсун, окумуштуулардын маяналарын министрдин шопурунукунан дагы төмөн кылып коюшту. Анан, күчтүү илимпоздор өлкөдөн массалык түрдө кете башташты.
Парадокс: академик, мүчө-корреспонденттердин саны эч кемиген жок. Илимдин докторлору менен кандидаттарынын саны болсо СССРдегикезге салыштырмалуу көп эсе өстү. Эми мен муну андан ары узартып айтпай эле коёюн. Баары белгилүү. Эгерде өнүккөн мамлекеттер бир жылга илим үчүн өлкөнүн ички дүң жыйындарынын 4-5% ынбөлүп келишсе, биздин Кыргызстан бул көрсөткүчтү 0,08%дан жогору көтөрө албай койду! Дүйнөдөгү эң арткы көрсөткүч! Анан кайдагы илимий иштер болмок эле. Мындайда шылуун “лже-научныйлар” алдыңкы орундарга чыгышат тура! Жердешчилик, туууганчылык, жоро-жолдош, көңүлдөштүк сапаттар илимде бекем орун алып алгандан кийин анын келечеги жөнүндө кандай оптимисттик прогноздорду айтмак элем! Башка сөз айтууга деле дитим барбай турат, Эмилбек мырза! Дүйнөлүк илимдин дүркүрөп өсүп жаткан фонунда биздин илим эчак эле эң төмөнкү тепкичке кулап түшкөн. Ушул!
- Сиз азыркы учурда кайсы бир ЖОЖдордо студенттерге лекция окуп жүрөсүз. Мектептерден тартып, университеттерге чейин окуу программалары азыркы замандын талаптарына жооп береби? Окуучулар менен студенттер ашыкча, керексиз предметтерди окуп, убактысын текке кетирип атышкан жокпу?
- Ооба, мен учурда КУУнун физика боюнча профессорумун. Болгону 0,75 ставкалык жумушум бар. Оокат өлбөстүн күнүн көрүп өтүп келе жатат. Ушуга дагы кайыл болуп жашай беребиз. Эң башкысы ден-соолукта болуу керек го. Бирок, жогорку мектеп боюнча жүрөгүм ооруйт. Такыр эле алдыга жылбай койдук да. Албетте, бир нече авангард колоннада келе жаткан ЖОЖдор бар. Алар заманбап менеджменттик ишти колго алышып, университеттерин кадимкидей буттарына тургузуп алышты, азаматтар. Азыр студентке эмне керек? Жылуу жатакана, жылуу аудитория, анан жылуу мамиле керек! Заманбап жабдык, квалификациясы жогору доцент-профессорлор зарыл. Окуу программаларын атайын кунт коюп изилдеп келем. Жакшы сөз айтууга дитим барбайт. Жаңы терминдердин оюну болуп эле жүрөт. Мазмунуболсо, СССРден калган эле материалдар. Бир аз “пудра” менен жаап коюлган. Мисалы, предметтердин типовой программаларын көргөн жокмун! Ар бир университетте өздөрүнүн эле окуу программаларын окутуп келишет. Мен түшүнгөн физика боюнча ошондой! Калгандарынан кабарым жок!Өзү мектептин нагрузкасы абдан чоң. Аны качан оптимизация кылышат, азырынча белгисиз. Жаңы министр чечет деп үмүт кылып турам!
- Депутат кезиңизде КТРКда атайын илимий көрсөтүүнү алып барып, аз болсо да өлкөбүздөгү ойлоп табуулар менен илимий ачылыштарды коомчулукка тааныштырат элеңиз. Ошол көрсөтүүңүз эмнеге жабылып калды?
- Азыркы илимий-техникалык революция абдан динамикалуу болуп жатат. Аны бекеринен “Индустрия 4.0” деп аташпаса керек. Миллиарддаган илимий-техникалык маалыматтар элди “басып” калды. Илим бизде Кыргызстанда эле токтоп калса бүт дүйнөлүк кризис дагы орун алдыдегендер терең жаңылышат. Тескерисинче, акыркы 10 жылда, илимий ачылыштар, айрыкча табият таануу илимдеринде жана жаңы технологияларда бир нече эселеп өсүп отурат. Сан ариптештирүү заманы илимди ого бетер өрчүтүп салды. Күн сайын миңдеген илимий жаңылыктар катталууда. Демек, аларды ылгап карапайым тил менен, кыргызча элге жеткирүү өтө зарыл.
Ошол максатта мен 2012-жылдан бери “Илим жана Турмуш” аттуу автордук теле берүүмү уюштуруп келдим. Өтө кыйынчылыктар болду. Бирок, ага баш бербей бүгүнкү күндө 300дөн ашуун теле жана радиоберүүлөрдү уюштурдум. Кыргызстандагы менмин деген окумуштууларды дээрлик түрдө чагылдырдым. Илимий иштерин элге жеткирип турдум. КТРКдан башталган. Анан эле 2015-жылы саясат болуп кетип жаап коюшту. Тарых үчүн айтып коёюн. Андан бир жыл мурда эле ошол эле КТРК “Жылдын мыкты теледолбоору” деген грамотаны беришкен болчу. Эми түшүнүктүү да. Анан тынбаган жаным 2 жыл “Марал” радиосунан берип жүрдүм. Анан ЭлТР көрсөтө баштады. Бирок, бакан-ооздор ушактай беришип ал жерден дагы кууп чыгышты. Жеке ТВлар болсо акча сурашат. Мисалы, айына 5 миң доллар дешкендери болду. Кудайдан болуп, 2021-жылы КТРК кайрадан чыгара баштады эле, капысынан эле 7 берүүдөн кийин кайрадан жаап коюшту. Азыр материалдарды топтоп жатам. Кээ бир окумуштуулар менен маекти уулум тарта коёт. Кээде акча төлөйм. Акыры Ютубдан баракча ачтык. Эми ошону менен алек болом го. Болбосо мамлекеттик ТВларга илим жаңылыктарынын кереги жок экен. Бирок, элге керек да. Өзү илимди популяризациялоо ишин КУИАсы колго алса жакшы болмок. Ал турсун атайын илимий лаборатория дагы ачуу убактысы келди. Көп өлкөлөрдө атайын академиялык институттар бар. Алар илимди популяризация кылуу менен катар эле анын тарыхын, философиясын, психологиялык-педагогикалык аспектеринтерең изилдешет. Бул илим азыр абдан актуалдуу!
Маектешкен Эмилбек Момунов, Булак: “Майдан. kg” гезити