Исмаил Исаков акыркы кездерде кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселелер боюнча пикирин активдүү айта баштады. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына кайчы келчү жагдайларды белгилөөдө. Анысы менен коомчулукка күмөн ойлорго тамызгы таштап, кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди күткөндөй кебетеси бар.

Өзү Исмаил Исаков деген ким? Коомчулук аны генерал катары тааныйт. Эчен жыл бою көрүнүктүү кызматтарды жетектеген адам. Ал ортодо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн абакка камалып, багы бар экен, бийлик алмашкандан кийин акталып чыккан. Генерал ар кандай кырдаалга ыңгайлашып кетүүгө жөндөмдүү, Акаевдин да, Бакиевдин, кийин Убактылуу өкмөттүн бийлигинин курамында болгон. Үч бийлик тең бул кишиге жоопкерчиликтүү кызматты ишенип тапшырган. Анын бирин гана айтсак, Бакиевдин тушунда Коргоо министрлигин жетектеген, кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Бул кызматтарды өзү дайыма кыйкырып жүргөндөй “эл кызыкчылыгы үчүн” эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп, аз убакыттын ичинде күч түзүмдөрүнө караштуу батирлерди менчиктеп алганы, түзүмдү дээрлик кыйроого жеткиргени үчүн кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында, 8 жылга эркинен ажыраган. Баса, кылмыш иши козголоору менен “саясий себептер менен кызматтан кеткенин” жарыялап, өз каалоосу менен арызын жазууга шашкан. Деги эле бул киши отставкага кетүүнүн мастери. Карьерасында бир нече жолу кандайдыр бир кыйынчылыктар болоору менен дароо отставкага кетип, кайра кырдаал калыбына келгенде акырын жайлуу орунду ээлеген. Ага дагы бир мисал, 1999-жылы Баткен окуясы башталганда коргоо министринин биринчи орун басары болуп турган. Бирок абал татаалданары менен кызматын тапшырып, запаска өтө качкан. Андан көп өтпөй, Жогорку Кеңешке депутат болуп, ок үнү жаңырбаган жайдагы жылуу креслону ээледи.

2010-жылы бийлик революция жолу менен алмашпаганда, Исаков 8 жыл жазасын өтөйт болчу. Бакиев кетип, ордуна Убактылуу өкмөт келгенден кийин күнөөсү тастыкталып, мамлекеттин мүлкүн өзүмдүк кылып алганы аныкталганына карабай, бул ишти саясий мүнөзгө айлантышты. Сот аркылуу акталып, жокко чыгарылган генерал – лейтенант наамы кайтарылды жана кайрадан Коргоо министрлигине барды.

Азыр эми айтып жаткан кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселеде өзүнүн катыштыгы бар. Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган мезгилде Мадумаров кол койгон протоколду даярдаган. Бирок кол коерго келгенде адатындай “качкаактыгын” көрсөткөн.  Бакиевдин бул боюнча: “Чек ара маселесин чеч деп жиберсем, МАИлердин иш чарасына катышып жүрөт”, - деп айтканы бар. Андан соң Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешине катчы болуп барганда Исаков даярдаган протоколго кол койгон. Ошондо, чырдуу протоколдун учугу Исаковго келип такалат.

Эми чек ара маселесине эксперт боло баштаганыны өткөнүн жакшы билген адамга дайын болуп турат. Адатына салып, Ош окуясындагы жоопкерчилигин саясий мүнөзгө байланыштыруу максатында, кылмыш иши жанданаары менен бийликке сын айтууну баштады. Ош окуясындагы жоопкерчилигин жакшы билет, кокус эртең жоопко тартылып калса, “чек ара боюнча сын айтканым үчүн саясий куугунтук кылып жатышат” деп айтканына жакшы эмеспи.

Бул кишини айрымдар “кыргыз Наполеону” деп коюшат. Бул чын дилден айтылган, мактоо иретиндеги салыштыруу эмес. Ирония менен. Наполеондой амбициясы күчтүү. Анткен менен көшөгө артында ойногон генерал. Эл үчүн иштегендей түр көрсөтөт. Эл деген сөздү катуу кыйкырат. А бирок өзү жооптуу кызматка бараары менен элди унутуп, жеке байлыгын мамлекеттин эсебинен көбөйтүүгө аракеттенет. Мына, ушундай Наполеондун кыргызча варианты.