Кудай  Россия менен Украинанын жетекчилерине акыл - эс, ыйман берип, ич ара жаңжалдарын тынчтык жолдору менен чечип алышса экен. Азыр эки өлкөнүн ортосундагы тирешүүнүн тынчтык жол менен чечилиши биз үчүн өзгөчө маанилүү.

Эгерде согуш оту тутанып кетсе, ага улай АКШ баштаган Батыштагылар Россияга каршы «тозоктун» санкцияларын киргизет. Анын натыйжасында рубль кыйрайт, гипер инфляция башталат. Ал биринчи кезекте Россияда иштеп жүрүшкөн мекендештерибизге урат, анын кесепеттери келип сомдун курсуна бычактай тийиши мүмкүн. Мигранттарыбыз жөнөтө тургандардын реалдуу күчү  бир нече эсеге азайып кетиши ыктымал.  2014-жылы АКШ киргизген санкциялардан улам рубль эки эсе күчүн жоготкондо сомдун долларга карата  курсу 49 сомдон 77 сомго чыккан. «Тозоктукундай» санкциялар киргизилсе, анын канчага кулаарын элестетүү кыйын. А биздин сомдун тагдыры кандай болот? 

Ошондуктан тирешкен эки Володя акыл эске келишип, чыңалган кырдаалды жумшартып, согуш отун тутантпай калышса экен дейли. Кыргызстан  алардан алыста болсо да, бирок биз үчүн экономикалык кесепети опурталдуу  болушу мүмкүн. 

Мирлан Дүйшөнбаев