- Алымкадыр Бейшеналиевге болгон ажонун ишеним кредити качан түгөнөт? Анын жасап жаткан реформалары элге пайдасын береби?
- Бейшеналиевдин кылып жатканы 30 жылдык чогулган проблема. Ар бир академик иштеген ооруканасын менчиктештирип, үй-бүлөлүк бизнес кылып, түбөлүк үй-бүлөсүнө алып алган мекемелер бар. Ошондой эле аз айлыкка, эскилиги жеткен имарат, эмерек, медициналык жабдуулардын айынан сыртка иштеп кеткен адистер көп. Элдин саны көбөйгөнү менен 7 облустагы больницалар жабылып, иштебегени үчүн эл Бишкекке келип дарыланууга аргасыз болуп жатат. 30 жылда бир да больница, поликлиника, медициналык имарат салынган жок. Ошон үчүн медицина тармагында 30 жылдан бери чечилбей, чиеленип калган толгон-токой проблемалар бар. Олигарх медбарондорго каршы туруш кыйын. 30 жылда жалаң дары сатып монополист олигарх болгон МЕДБАРОНдор бар. Алар жөн жатпайт, элди чыгарат, акчага бийликти сатып алып өз кишисин койгонго чейин барышат.
- Министрлер Кабинетинин төрагасын кетирүү жаатында айрым депутаттар билдирүү жасашты. Акылбек Жапаровдун жасап жаткан иштери купулуңузга толуп жатабы?
- Акылбек Жапаровду азыр кетиргенге болбойт. Анткени, 30 жылда 32 өкмөт алмашып, дайыныбызды таппай калдык. Өсүп-өнүгүү жок. Ар бир келген өкмөт кайра башынан баштай берип ордубуздан жылбай сазга баттык. Өкмөт кытай байпагындай алмашты. Эми 2022- жылдын бюджетин 400 миллиардга жеткирем деген Акылбек Жапаровго мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Анткени, бюджетти 400 миллиардга жеткирсе, бул өтө чоң жетишкендик. Ошон үчүн бир жыл күтүш керек. Айтканын аткарса дагы 500 миллиардга жеткир деп калтырышыбыз керек. Аткарбаса анан кетириш керек.
Булак: «Майдан. kg» гезити