×

Ошибка

Resource not found (14:25 min ago).

- Исмаил Исаковдун бүгүн кокусунан чек ара боюнча эксперт болуп чыга калды. Анын айткандарына ишенесизби? Мадумаровду колдоп жатканын дагы көрүп атабыз.

- Эгемендикти алгандан бери биздин система чирип, сормо сазга айланып, жологон эле адамды оп тартып кете турган болуп калган. Ошону келген эле бийлик өз камчысына айландырып келе жатканы өкүнүчтүү. Эми Мадумаров да системанын курмандыгы. Бийликте иштеген. Эгер иштебеген болсо Текебаевдей илинчеги жок болмок. Азыр эми Мадумаровду камаш керек болсо ошол кездеги чек арага байланыштуу адамдардын баары камалышы керек. Ал протоколдун күчү жок экен, бирок, “тажиктер документ катары кармап жатышат”- деп айтылып келе жатпайбы. Демек, “тажиктер менен тымызын мамилеге барып, берип салган”- деген жыйынтыкты чыгарууга болот. Андан сырткары ачык чыкпаган, элге айтылбаган дагы жашыруун нерселери бар болсо керек. Ошондуктан, тажиктерден Мадумаровду камап эле кутулууга боло турган жагдайга келип такалыптырбыз. Андай болсо айла жок.

- Алымкадыр Бейшеналиевге болгон ажонун ишеним кредити качан түгөнөт? Анын жасап жаткан реформалары элге пайдасын береби?

- Алымкадыр Бейшеналиев эң туура кадамдарга барып, карапайым эл колдоп жатат. Качан эл башында турган жигиттерибиз кайраттуу болсо, эл ошого таянат. Эл арасындагы былгып айтылбай жаткан сырлар чыга баштайт. Мисалы, Жумабеков кесипкөй дарыгер болгону менен элдин канын соруп, терисин тескери сыйрып келгенин ачык айтып жатышат. Эгер министр элдин сөзүн сүйлөбөсө, эл да айтмак эмес. Азыр ушундай кайраттуу реформаторлор керек. Садыр Нургожоевич өтө туура тандаган. Мындай кызматкерди колдомок түгүл, эл төбөсүнө көтөрөт. Президентибиз да муну сезип, билип турат.

- Министрлер Кабинетинин төрагасын кетирүү жаатында айрым депутаттар билдирүү жасашты. Акылбек Жапаровдун жасап жаткан иштери купулуңузга толуп жатабы?

-  Министрлер кабинетинин төрагасын депутаттар кетире албайт. Президент билет. Бирөөнү кызматтан алуу, коюу деген нерсе депутаттардын милдетине кирбейт. Мыйзамдарды жазсын, ушул кезге чейин эт менен челдин ортосунда итий болуп калган мыйзамдарды жокко чыгарсын. Иштейм десе депутаттардын иши толтура. Өткөндө Эдил Байсалов туура айтты. Айткан сөзгө териккенди коюп, өз оокаттарын кылышсын. Ал эми Министрлер кабинети иштей албай жатса, аны сурап алар президент турат. Милдетти алган соң ким менен болсо да иштешип, өлкөнү сормо саздан чыгарса болду. Биз тоскоол болбой, жардам бергенди үйрөнөлү.

Булак: «Майдан. kg» гезити