Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров басма сөз жыйынын берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын алкагында биздин кабарчыбыздын дагы суроолоруна жообун берген...

- Акылбек мырза, “Кумтөрдүн” азыркы абалга кептелиши боюнча Акаевдин күнөөсү болгонун айттыңыз эле. Ал киши эки ирет УКМКга суракка келип, акталып алды го. Ошондо ким күнөөлүү болуп калды...

- 2003-жылы “Центерра” компаниясы түзүлгөндө австралиялык бир компания акцияларды алып, ошону  44,3 млн. долларга сатып кеткен. Ошонун аягы биринчи президенттин туугандарына келип такалган. Аны 2012-2013-жылы Башкы прокуратура дагы териштирип далилдеп берген. Аялынын жакын туугандары качып жүргөн экен, алар дагы тастыкталды. Кимиси күнөөлүү, күнөөлүү эмес экенин сот чечим чыгарат. Эгер “Кумтөрдү” кыргыз элине алып бергенде президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эмес. Мен үчүнчү ирет президенттерден суранып жатам. Мен аягына чыгара алам. “Кумтөрдөгү” механизмдерди, тагдырын билем. Буга чейин «алтынды көрсө периште дагы адашыптыр» деп президенттер адашып жүргөн. Аларды туурап «крыша» болуп келишкен, азыр алардын баарына Камчыбек Ташиев жолун бууп, каршы туру, коррупциялык схеманы жойгондуктан, бюджетке 31 млрд. сом ашыкча түшүп жатат.

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу айтылууда. Ал качан курулат?

 - Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу буюрса 1-апрелден тарта башталат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабын өзүбүз баштаганы турабыз. Алгачкы инфраструктурасын түзүүгө 18,8 миллион доллар керек экен. Ал каражатты таптык, бюджетте турат. Калганын Финансы министрлиги караштырып жатат.Ошондой эле ал Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты ушул жылдын соңу же келерки жылдын май айына чейин ишке кирет. Анын кубаттуулугу 250 мегаватт болот.

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан да, Казакстан да кызыкдар болуп жатат деген маалыматтар бар. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башынан эле кызыкдар болчу. Жакында бул долбоорго катышуу ниети бар экенин Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев да билдирди. Анын баары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша чечилет.

 - “Асман” шаары ишке аша турган реалдуу долбоорбу?

- Экологиялык таза шаарды нөлдөн баштап куруу - бул кыял. Президенттин кыялы ишке ашат деп үмүт артам. Министрлер кабинети башкы планын түзүп, болочок шаарды суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелеринин үстүндө иштеп жатат. Бизге инвесторлор тарабынан абдан көп кызыктуу сунуштар түшүп жатат. Америкада иштеп келген жигиттерибиздин бири Караколго IT-шаарча курууну каалап жатат. Биз ага колдон келген жардамыбызды беребиз. Эгер аныкы ишке ашса, “Асманды” куруу кантип эле мүмкүн болбосун? Астана куруларына дагы эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини караңыздар, өзүнчө эле шаар ичиндеги шаар. Алардын колунан келди. Жакынкы беш жылда “Асман” жөнүндөгү кыял кайсы бир деңгээлде ишке ашат деп ойлойм.

- Сизди бирөөлөр иштейт десе, айрымдар отставкага кетишиңиз керектигин айтышат. Бул маселеге кандай комментарий бересиз?

- Эртең менен багымдат окуган адам катары айтайын, келечекте эмне болору белгисиз, баары кудайдын колунда. Ал эми өткөн нерсе өттү. Мага чейин канча адам отставкага кетти... Мен кетип калганга дагы, иштей бергенге дагы даярмын. Бааны эл менен президент берет. Мен жумушка эртең мененки саат 7:00дө келип, 22:00гө чейин иштейм. Экономикада сыйкырдуу таякча жок, стабилдештирүү үчүн кеминде үч жыл керек. Мен жетекчилерге “коррупцияны жок кылсак, баары ордуна келет”- деп айтып жатам.

 - Баса, сиздин жубайыңызды Финпол 90 миллион сом мамлекетке зыян келтирген деген маалымат таркаткан. Ал боюнча кылмыш иши эмне менен жыйынтыкталды?

- Жубайым Анара Жапаровага таандык компания салыктан качканы далилденген жок. А акционердик коомдо жубайымдын 2,5 пайыз үлүшү болгон. Ошол сөздү тараткан киши азыр ал айтканын далилдеп бере албай азыр катардагы жаран болуп жүрөт. Салыктан бир тыйын дагы карызы жок болчу. Ал компания 2009-2010-жылдары 200 миллион сом ссуда алган экен, анын баарын төлөп бүттү. Соцфонддон карызы бар экен, азыр төлөп жатат. Мен 200 миллионун көргөн да, алган да эмесмин. Ал каражатка кымбат техникаларды алган, бүгүнкү күндө алар күрөөдө турат. Менин жубайым 1,2 миллиард сом салык төлөгөн. Бирок контрабанда көбөйүп кеткендиктен ал компаниясын төрт жыл мурун жаап койгон. Учурда келинчегим бак өстүрүү менен алек болуп жатат. Азыр бизден алыс эмес жерде отурган президенттердин бири текшертип карайм дегенде менин жубайым салык төлөгөндөрдүн биринчи сабында турганын көргөн. Анан баарын токтотуп койгон.

- Акылбек Үсөнбекович, арзанчылык болобу же дагы баалар өсөбү?

- Кечээ АКШда инфляциянын деңгээли 7,8 пайызга жеткенин окудум. Болбосо алар 2 пайыз болорун күтүп жатышкан. Андыктан бизде дагы инфляция болот, баанын өсүшү дүйнө боюнча токтобойт. Кыргызстан жашоого керектүү товарлардын 67 пайызын импорттойт. Демек, инфляция дагы импорттолот. Бул жерде биз эч нерсе кыла албайбыз. Андыктан элдин байгерчилигин жогорулатышыбыз керек. Биз паровоздун алдында чуркоого аргасызбыз. Өзүбүз инфляция жаратпагандай болуп, мүмкүн болбогон нерселердин да ыңгайын таап экономикалык өсүштөрдү жасоого аракет кылабыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити