Эки-үч жылдан бери таптакыр дайыны чыкпай калган экс-министр, экс-депутат Исмаил Исаковдун акыркы күндөрдө тууту кыстаган эчкидей безилдеп, Баткендеги 49 жылга ижарага алынган 5 гектар жер боюнча айыпталып жаткан Адахан Мадумаровго адвокаттык кыла баштагандыгында, көрсө, аябагандай чоң жекече кызыкчылыгы бар экен.
Тергеп-тескөө иштеринин жүрүшүндө андагы аферадан Исмаил Исаковдун кулактарынын учу көрүнө баштаганы маалым болду. Атап айтканда, 2009-жылы Адахан Мадумаров кол койгон документтин долбоорун адегенде ошол убакта Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген И.Исаков даярдап, тийиштүүлөргө визаларын койдуруп бүткөндө Курманбек Бакиев менен айтыша кетип, кызматынан айдалат. Ал боюнча кезинде Курманбек Бакиев: “Исмаил Исаковду чек ара маселесин чечүүгө жөнөтсөм, ал МАИлердин иштери боюнча жүрүп алыптыр” деп айтканы да бар. Исмаил Исаков кызматынан кеткенден кийин анын ордуна Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалган Адахан Мадумаров эки айдан кийин Кожентке ал кагазды көтөрүп барып, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен бирге кол коёт.
Азыр “чыккынчылыкка” теңелип жаткан ал документ аягына чейин иликтенип, ага тиешеси барлардын баардыгы ачыкка чыгарылса, таяктын экинчи учу өзүнө келип тийип, бир нече жылдык абак мойнуна илинип калышы да мүмкүн экенинен корккон эксминистр “эң мыкты коргонуу, бул - чабуул” дегенди карманып, УКМКнын жана чек ара кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын тийиштүү кызматынын жетекчилиги менен түзгөн № 39-протоколуна асылууда. Ал аз келгенсип А.Мадумаров кол койгон документти бурмалап, башкача кылып көрсөтүүгө далалаттанууда. Ал ага дайыма Мадумаровдун айдагында жүргөн журналист Айданбек Акматовго берген акыркы интервьюсунда өзгөчө басым жасады.
Исмаил Исаковдун айтуусунда, 2009-жылдын майында Кыргыз өкмөтү Тажикстандын бир жеринен 5 гектар жер участогун ижарага алуу тууралуу макулдашууга кол коёт. Адегенде анын кайсыл участок экендиги деле белгисиз болот. Анан ошол жылдын аягында кокустан азыркы Төрт-Көчө деп аталып жаткан участок аныкталып, Кожентке 12 адамдын коштоосунда А.Мадумаров барып, келишимге кол коюп келет. Исаковдун логикасына ылайык, кокус тажиктер ээн талаа, эрме чөлдөн 5 гектарды көрсөтүшсө деле Мадумаров кол коюп келе бермек экен. Тажиктер кайсыл участокту көрсөтүшсө деле макул боло бергидей Кыргызстандын дайын дареги белгисиз 5 гектар участокко күнү түштү беле?
Мындан Исмаил Исаковдун атайылап Төрт-Көчөдөгү 5 гектардын саясый, геаграфиялык, атүгүл топографиялык маанисин төмөндөтүп, өзү аралашкан афераны эки бригаданын арык талашындай кылып көрсөтүүгө аракеттенген жан далбасы экендиги көрүнүп турат. Макамы аныктала элек жерди “ижарага алдык” деп кол коюп берүү “бул жерди силердики деп тааныдык” дегендин эле өзү экени талашсыз. Адахан Мадумаров ыйгарымы жок туруп мына ошол кадамга баргандыгы үчүн жооп бергени жатат. Эгерде Кыргызстандын бир районун анклавга айландыра турган, он миңдеген адамдардын кыйналуусуна, кандуу кагылышууларга негиз болгудай иш жасаса, ал ишке Исмаил Исаков да аралашканы үчүн эле жооп бербей калыш керекпи? Эгерде күнөөсү аныкталса, Исмаил Исаков да жооп берүүсү керек.
Экс-коргоо министри мына ошол өз күнөөсүн билип, аягына чейин териштирилсе, жыйынтыктары кандай боло тургандыгын түшүнүп, бир жагынан, өзүнөн күнөөнү алыстатып, жоопкерчиликтен кутултуу, экинчи жагынан, коомчулуктун көңүлүн башкага буруу үчүн азырынча элге эмне экени белгисиз № 39-протоколго, ал аркылуу чек ара маселесиндеги Мадумаров экөөсүнүн чыккынчылыкка тете делген аферасын ашкерелеген Камчыбек Ташиевге асылууда. Мында генерал Мадумаров “суудан кургак чыгып кетсе”, өзү дагы жоопкерчиликтен кутулуп кетерин жакшы түшүнүп атат. Ал эми Камчыбек Ташиев чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыктарына кылдай да доо кетпестигин ачык айтып, ошого жараша эле иш алып барууда. Адатта мамлекеттин кызыкчылыктарына байланышкан маселелерде конфеденциалдуу купуялык да болот. Баарын ачык айтып, душмандардын, өнөктөштөрдүн очокторуна от жага бербөө керек. Эгерде мамлекет эл-жер үчүн чындап күйсө, эмне үчүн Исаков өз күнөөсүн ачык мойнуна алып, пикирлерин конфиденциалдуу мамлекет башчысына, тийиштүү органдарга билдирбейт?
Тилекке каршы, ал өз башын арачалоонун гана камын көрүүдө. Бирок эчки кандай безилдесе деле убагы жеткенде туугандай эле, Исмаил Исаков канча актанбасын, безилдебесин, алары жардам бербейт. Эгерде күнөөсү болсо, жоопкерчиликтен кутула албайт.
Булак: «Майдан. kg» гезити