Башкы прокурор Курманкул Зулушев ЖКнын депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду Баткендеги, эки өлкөнүн негизги жолдору кесилишкен Төрт-Көчө учаскасындагы узундугу 275 метр 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу жөнүндө 2009-жылы келишимге кол койгонун “мамлекетке чыккынчылык” катары айыптап, кол тийгистик укугунан ажыратуу жөнүндө парламентке сунуш берди. Ал сунушту карап, тастыктап, парламентке сунуш киргизүү боюнча парламенттик комиссия түзүлдү. Буга чейин А.Мадумаров Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип келсе, аны парламент кол тийбестиктен ажыратса, ошол замат макамы өзгөрүп, кылмыш ишинде “айыпталуучу” катары айтыла баштайт.
2009-жылы ал КРнын коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеп турган. Ал кызматты ээлеген адамдын күч органдарына кураторлук кылган менен түздөн түз чек ара маселелерине байланышкан сүйлөшүүлөргө, өзгөчө талаштарга аралашканга укугу жок. Анткени, чек ара маселелерин А.Мадумаровго окшогон жарым тарыхчы, жарым журналист эмес, топография, же лимитация жана демаркация боюнча атайын билими, тажрыйбасы бар ыйгарымдуу жетекчилер гана жүргүзүүсү зарыл. Ар кандай эле жетекчи негедир ал жерге жетип барып, “ысык” чайдан ичип, мурду калемпирдей кызарганда алдына келген кагаздарга кол коё бергидей ал өздүк көркөм чыгармачылык топторунун сынагы эмес. Мадумаров менен кошо жүрүп документтерди даярдап, визаларын коюп, сунуштагандар да сурак бериштиби же бербедиби, ал тууралуу кабарыбыз жок. Бирок, Кыргызстандын чек ара кызматынан да өкүлдөр болбосо, сүйлөшүү да болбостугу бештен белгилүү. Демек, ал ишке аралашкандар да жоопкерчиликтен четте калбоолору керек.
Эки жылдан бери чуу чыкканга, атүгүл кандуу кагылышууларга себеп болгон жоболоңдуу 5 гектар жердин 2009-жылга чейинки макамы кандай болгон? Ал сүйлөшүүлөргө негиз кылынып жаткан карталарда кайсыл республикага караган? Же “талаш жер” деп эсептелип келгенби? Мыйзамдык жактан андай келишимге кол койгонго ыйгарымы жок туруп Кожентке Мадумаров неге барган? Адахан Мадумаровдун Каркырадагы 625 гектар жер тилкесин казактарга өткөрүп берген келишимге да кол койгону айтылып, жазылып келет. Анда ал да мыйзамсызбы?
Тилекке каршы, тийиштүү жетекчилердин билдирүүлөрүнөн, ЖМКдагылардан жогорудагы суроолорго так жооп болгудай маалыматтарды көрө элекпиз. Эгерде ТөртКөчөнүн аянты 2009-жылга чейин тийиштүү карталарда Кыргызстандын аймагына кирсе, же “талаш жер” деген макамда жүрсө, анда Мадумаровдун аны “49 жылга ижарага алдык” деген келишимге кол койгону - сөзсүз мамлекеттик чыккынчылык болуп эсептелет. Анткени, “ижарага алдык” дегендин “бул участокту силердики деп тааныдык”- дегенден айырмасы жок. Эч ким өзүнүкүн өзү ижарага албайт. Ал эми мамлекетке чыккынчылык кылгандарга “кылмыш мөөнөтү эскирди” деген түшүнүк болбойт. Фашисттерге кызмат кылгандар 40-50 жылдан кийин кармалса да камакка алынып, катаал жазаларга кириптер кылынгандыгын угуп, окуп жүрөбүз. Анда Адахан Мадумаров жөндөн жөн эле мамаданалык кылганын коюп, партиясынын мифологиялык мүчөлөрү жөнүндө айтып, башты айландырбастан шымынын гана эмес, түрсүгүнүн курун да мойнуна салып, эмне үчүн андай кадамга барганын ачык айтып, элден кечирим сурашы керек. Кокус, ал жер сүйлөшүүлөргө негиз кылынган саясый карталарда Тажикстандын аймагына кирсе, анда башка кеп. Эгерде андай болсо, Мадумаров ал иш козголгондо эле ал картаны бетине кармап, ач айкырыкты салмак. Өз кылмышын актаганга андай негиз болбогондон улам партиясынын мүчөлөрү жөнүндө икаяларды айтып, жан арга кылып жатат окшойт. “Колуң менен кылганды, мойнуң менен тарт” дейт элибизде. Мамлекетке чыккынчылык кылганы аныкталса, ким экенине карабастан өз жазасын алуусу керек. Антпесе Кыргызстандын жерлерин кертип сатмай токтобойт.
Экс-коргоо министри, генерал Исмаил Исаков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы №39-протокол жөнүндө чуу көтөрүүдө. Чынын айтуу керек, ал протоколдун маани-мазмуну эмне экендигин билбейбиз. Ал дагы чек ара маселелерине же Ворух анклавына тийиштүү экенин гана боолгоп жатабыз. Ал эми ал анклав боюнча жетекчилик: “Эч качан Тажикстанга Ворухка жол салганга уруксат бербейбиз. Антсе, Кыргызстандын андан ар жагы анклав болуп калат. Биз жолду өзүбүз курабыз” деп эле ачык айтып келатат. Эгерде Кыргызстандын ал жолду салууга мүмкүнчүлүгү болсо, ага жумшалган чыгымды Тажикстан бир формада компенсация кылуусу зарыл. Каныкей энебиздин калыңын Манас атабыз убагында ашыгы менен төлөгөн. Бекер жол куруп бергидей байманабыз ашыпташа элек. Компенсация болбосо, ал жолдон акы төлөп өтүү тартиби киргизилүүсү керек. Ошондо гана Кыргызстан ага кеткен чыгымды жылдардын бир жылдарында болсо да кайтарып ала алат.
Ошентип, чек ара маселелерин чечүүдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына, ишенимдүү документтерге жана мыйзамдуулукка гана негизделген, кеңири жана узак перспективадан караган саясат жүргүзүлүүсү, ал иштерге дилетанттар, компетентсиз адамдар аралаштырылбоосу кажет.
Булак: «Майдан. kg» гезити