Урматтуу агам Исмаил Исакович, урматтуу иним Камчыбек Кадыршаевич!
Жакында эле «Баткендеги чек- ара маселесин озунордун жеке кызыкчылыгыңар үчүн саясатташтырбай, мыйзам жолу менен иш жүргүзгүлө» - деп эки иниме кайрылууга мажбур болдум эле. Эми сиздерге кайрылууга мажбур болуудамын. Эмне үчүн?
Эгемен Кыргызстандын тарыхында чек ара маселесинде менчелик «тепки» жеген, тарапташтары азап тарткан саясатчы жок экенин абдан жакшы билесиздер. Экөөңүздөр тең мени, аксылыктарды тикеден- тике колдоп, бирин Аксы окуясын иликтөө боюнча парламенттик комиссияны жетектесеңер, экинчиң акаевдик режимге каршы өмүрлөрүн тобокелге салып Аксы- Ош, Аксы- Бишкек улуу жүрүштөрүндө ач, ток калып жүрүшкөн миңдеген аксылыктарга материалдык жардам көрсөтүп, каргашалуу Аксы окуясы эмнеден чыкканын, анын кесепетин ичинен жакшы билген инсандарсыздар.
Экинчиден, сиздер, айрыкча Исмаил Исакович, сиз - бир эле Баткен чек-ара маселесинде эмес, эгемен доордогу бардык чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кынтыксыз туруктуу мекенчилдик позициядагы инсандардын тобуна киресиздер! Мен билгенден кээ бир иши менен эмес, куру сөзү менен «чыгаан саясатчы» аталгандардан айырмаланып сиздердин Кыргызстандын кызыкчылыгына шек келтирилген кайсы бир протоколдорго кол койгон же чек араны ратификациялоодо добуш берген тарыхый колуңар жок!
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын бүтүндүгү менен элинин биримдигине шек келтирген 2010- жылкы июнь окуясында да чыныгы патриот инсан экенин далилдеген саналуу адамдардын сап башында сиздер турасыздар.
Төртүнчүдөн, азыркы мезгилдеги Кыргызстан, анын эли үчүн чындап жан - дили менен күйгөн, Баткендеги кылымдап чечилбей келе жаткан чек ара проблемасын жакшы билген саналуу саясатчылардын экөөсү сиздер болосуздар!
Анан сиздерге бүгүн эмне болду? Айрым куру пиарчы саясатчыларга окшоп соцтармактар аркылуу бириңди - бириң «чыккынчылыкка» чейин теңеп…
Бириңе ини, бириңе ага катары жана сиздердин соцтармактар аркылуу жүргүзүп жаткан «согушуңар» Кыргызстандын сыртында кандай кабыл алынып жатканын көрүп туруп чыдабай кеткен Кыргыз катары айтаарым:
1. Кыргызстандын «чыккынчылары» сиздер эмессиздер, Кыргызстандын эң башкы «чыккынчысы» Кыргызстандын чек арасын, кен байлыктарын тоноп, элди ушул абалга жеткирип качып кеткен качкын президент Аскар Акаев жана анын «чыккынчылык» саясатын улантышкан кийинки президенттер менен алардын эркин аткарышып, ар кандай документтерге кол коюп, добуш берип келишкендер жана азыр да аларды жактап, актап жүрүшкөндөр! Кылымдардан бери сакталып, корголуп келген Кыргыз жерлерин «өзгөнүкү же талаш участок экен биз бөлүштүк, алмаштык» - деген практиканы Акаев Үзөңгү - Кууштан баштаган. Бакиев жана анын "акжолчу" парламенти «Каркыранын ордуна казактардан көп жерди алдык», - дешип өзүбүздүн эле мал жайылчу кыр - кырларды кайра өзүбүз алганбыз. Сох анклавы боюнча Өзбек тарап даярдап келген Меморандумга ойлонбой, окубай эле Бакиев кол коюп берип, ал 2001-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан жокко чыгарылган. 2009-жылы Мадумаровго кол койдурган протоколдун чыры азыр апогеясына жетип олтурат. Атамбаев Кыргыз- Өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча Өзбекстан 10 жыл мурда даярдап койгон Келишимге Мирзиевдин алдында «буйдалбай» кол коюп берип, өзүнүн «чимкирик» парламентинен жарым саатта ратификациялатып, «баатырлык» кылган. Үч коңшу өлкө өзүбүздүн жерлерди өзүбүзгө бөлдүртүп алып келген практиканы төртүнчү коңшубуз да колго алып, «бизге деле бергиле», - деп жаткан мезгил. Бирок азыркы Кыргыз бийлиги мурдагылардан айрымаланып, Рахмонов менен тең ата сүйлөшүп, өзүбүздүн кызыкчылыкты жогору коюп, бекем турганы кыргыздын ички жана тышкы душмандарына жакпай, соцтармактар аркылуу маалымат согушу көбөйтүлүп, Баткен чыры ичтен да, сырттан да ырбатылып жатат!
2. Исмаил Исакович, Камчыбек Кадыршаевич, экөөңөрдүн жазган, айтканыңарды окуп, угуп жүрөм ( 39- протоколдон башкасын). Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бириңдин «күйүп» айтып жатканың, экинчиңдин «жанып» иш кылып жатканыңдын - анча- мынча кемчилдиктерине карабай, экөөңөрдүкү тең негизинен туура, түпкүлүгүндө талаша турган эч нерсеси жок! Болгону кыргыздын чыныгы мекенчил эки уулунун, душман буттан алып турганда, бир муштум болгондун ордуна ички, тышкы душмандарды сүйүнтүп «маалымат согушуна» киргениңер акылга сыйбаган иш. Ушунча эле бири -бириңе айта турган кеп- кеңешиңер көп болсо, бириң улуулук, экинчиң кичүүлүк кылып, көзмө - көз жолугуп же телефон аркылуу сүйлөшүү менен чечишүүгө чакырам! Сиздердин соцтармактар аркылуу согушуңардын залакасы бир эле Кыргыз - Тажик чек ара маселесине тийбей, элдин биримдигине, коомдогу туруктуулукка да шек келтирүүдө. Мындан кыргыз утпайт, душман утат! Бириңдин иниң, экинчиңдин агаң катары Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн токтоосуз «маалымат согушуңарды» токтотуп, чогуу туруп, башкаларга үлгү болуп, бардык күчтү Баткендеги чек ара маселесин чечүүгө багыттого чакырам! Сиздер бир турсаңар, маселе жеңил чечилерине да ишенем!
Кыргыз- Тажик чек арасындагы силер айтып жаткан «чыккынчылык» мүнөздөгү бардык протоколдор соцтармактарда эмес, Баткендик жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн, Баткен маселесин жакшы билген М. Айбалаев, С.Айжигитовго окшогон экс- губернатор, акимдердин, башка адистердин катышуусунда Жогорку Кеңеште жабык эшик артында талкууланып, бирок чечим ачык добуш берүү менен кабыл алынышын колго алууга чакырам. Анткени чек ара маселеси Жогорку Кеңештин ыйгарым укугуна кирет. Эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзам талабына ылайык, эл аралык келишимдер Мадумаров кол койгон протоколго окошогон эл аралык документтерге да Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин корутундусунан кийин кол коюлат.
Бардык кыргыз саясатчыларына, айрыкча Жогорку Кеңештеги жаш депутаттарга айтаарым:
- Ата- бабаларыбыз айрым кыл чайнашкан доорлордо минген атын, койнунда жаткан сулуу аялын душманга берген учурлар болгон. Бирок эч качан мекенин тирүү туруп душманына берген эмес! Чек ара маселесинде оппозиция деген түшүнүк болбойт! Мекенчилдер жана чыккынчылар гана болот. Баарыңарды ЧЫККЫНЧЫ деген, тукумуна чейин кала турган түбөлүк ярлыктан Кудай сактасын деп тилейм! Кимдир бирөөнү же партиялашыңды колдоонун, коргоонун алдында куржундун экинчи жагына мекенди салып, анан таразалап туруп сүйлөөгө, интервью берүүгө чакырам!
Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси