“Жаңы Жибек жолу” соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү Ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаев менен маек.

- Азат Абдыганиевич, Президенттин Бээжиндеги кышкы Олимпиаданын ачылышына барып катышканын сындагандар да болууда?

- Менимче, Президент С.Жапаровдун Кытайга барганы албетте, туура. Ал Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышып гана келбестен, кошуна Кытай мамлекетине жумушчу иш сапары менен барды. Оболу, “өлкө башчысы геноцид жана динге байланыштуу себептерден Кытайга барбашы керек эле”- дегенге жооп берсек. Кайсы бир өлкөдө геноцид фактылары болгонун эл аралык укуктук нормалардын, Бириккен Улуттар Уюму бекиткен Конвенциянын негизинде иликтенип, тастыкталса, тиешелүү чечим чыгарылат. Азырынча андай жок, сиз айткан маселенин чыгып калышы жыл башында бейөкмөттүк “Эл аралык имамдар кеңеши” аттуу уюмдун билдирүү таратканына дагы байланыштуу болсо керек. Бул билдирүүгө кол койду делген кээ бир имамдар, анын ичинде Орусиянын Муфтийлер кеңешинин Төрагасы Равиль Гайнуддин аны төгүндөгөн.

Негизи саясий, а бул көрүнүш да саясий негизге барып такалат, мотивдер менен тарыхта бир нече Олимпиада оюндарына бойкот же катышпоо аракеттери болгон. Айрыкча дүйнөлүк ири державалар өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарынын айынан уюштурчу. Азыр да негизинен 3-4 батыш өлкөлөрүнүн аракеттерин байкасак болот. Бул жолку Пекиндеги Олимпиадага 15 мусулман өлкөлөрүнүн спортчулары катышып жатат. Ачылыш аземине мусулман дүйнөсүнүн дөө-шаа өкүлдөрү да катышты: Сауд Арабия мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салман, Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси, Катар Эмири Тамим, Бириккен Араб Эмираттарынан Абу-Даби эмиратынын мураскор ханзаадасы Мухамад бен Заид, Пакистан премьер-министри Имран Хан, Сингапур президенти Халима Якоб, Борбордук Азиянын 5 өлкө башчылары, Азербайжандын вице-премьери Ахмедов. Ушул фактылардын негизинде айтайын дегеним, биз башка дөө-шаа мамлекеттердин ортосундагы геосаясий оюндардын таасиринде, жетегинде калып, ээрчиме позицияга кетпей, окуялардын агымынын, өңүтүн сезип, айырмалап, өз мекенибиздин, улуттун кызыкчылыгына туура келген саясат жүргүзүшүбүз керек. Президент С.Жапаровдун Кытайга алгачкы иш сапары ушул максатта жүргүзүлдү деп ойлойм.

Ал эми учак жөнүндө айтсак, азыр пандемия заманында көптөгөн аба каттамдары жабылып, Кыргызстандан тикелей Кытайга барчусу токтогон абалда, айланма жолдор абдан эле ыңгайсыз, убакытты, ал-күчтү жейт, ортодо вирус жугузуу тобокели чоң. Маалым болгондой биздин Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борттун иштетүү мөөнөтү жеткен, кээ бир өлкөлөр техникалык нормаларга жооп бербейт деп киргизишпейт дагы. Мамлекет башчы башында турган расмий делегациянын коопсуздугу, бул жеке адамдын өмүрүнөн тышкары (бөөдө кырсыктан сактасын), ошол мамлекеттин даражасына, аброюна, элдин намысына да тиешелүү жагдай деп ойлойм. Бирок белгилей кетчү жери, жеке учактарды жалдаганды эске алып, кайсы бир керектүү учурларда (Глазго, Кытайга) иш сапарга ошол жекече учактар пайдаланса, чыгымы бюджеттен тышкары булактардан алынса, менимче коомчулукка ачык-айкын болгону жакшы, иш сапар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн пайда, натыйжа алып келип жатса, мүмкүн болсо бюджеттин эсебинен да болгонун туура көрөт элем.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат, президенттер сөздөн ишке өтөт деп ишенсек болобу?

- Президент С.Жапаров жана Кытай жетекчиси Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана ушул үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экени белгиленди. Тилекке каршы бул долбоор боюнча кагаз жүзүндө тиешелүү келишимге кол коюлбаганы менен, эң жогорку деңгээлде талкууланып, колдоого алынганы жакшы жышаан болду. Себеби буга чейин жүйөлүү себептердин айынын темир жол долбоорун ишке ашыруу солгундай түшкөн болчу, эми жакынкы арада биздин тиешелүү адистердин тобу Кытайга барып, долбоорду жүзөгө ашырууга жакындаткан макулдашууларга жетип, кээ бир техникалык маселелерди чечип келет деген үмүттөмүн. Бул долбоор Кыргызстаныбыздын экономикасын локомотив сыяктуу алдыга сүрүп, мультипликативдик натыйжа берерине, бул деген жүк ташуу, транзиттик киреше алууга эле эмес, башка тармактарга: өнөр-жай, тоо-кен, майда жана орто ишкерлик, соода сатык, ата-мекендик өндүрүмдөрдү ири көлөмдө экспорттоо жаатына да тикелей пайдасын тийгизерине ишенем.

Деги эле бизге окшогон өнүгүп бара жаткан жаш мамлекетте азыркы тарыхый мерчемде улуттук долбоор жетишпей турганы анык жана бул жагдайды “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” сыяктуу долбоор ордун толтуруп, эгер ийгиликтүү баштап алсак бул экономикага эле эмес, негизи мамлекеттин, элдин ойгонуу, кайра жаралуу багытына да өз салымын кошмок. Мындай ири долбоорго чет өлкөлөрдө мусапыр болуп жүргөн миң сандаган мигранттарыбызды тартып, чакырып келип өз мекенинде жумуш менен камсыз кылмакпыз.

Темир жол долбоорунун Кыргызстанга чектешип турган кошуна жана башка да мамлекеттер менен алакаларда геосаясий да, геоэкономикалык да стратегиялуу артыкчылыктарды, утушту алып келчү, деги эле Борбордук Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын аброюн, маанисин, ордун көтөрчү касиети бар экенин көңүлгө албасак болбойт.

Кыргызстан аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун ЭСКАТО программасына кирген коридор, Азия өнүктүрүү Банкы жана башка эл аралык каржы институттары каржылаган ЦАРЭС (Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык) программасынын бешөөнүн 4 коридору, Европа биримдиги демилгелеген “Трасека” програмасынын коридорлору өтүп турат. Ушулардын баары автомобиль жолдору болгону менен Кыргызстандын дүйнөлүк экономикада, эл аралык жүк ташууларда келечектүү ролун айгинелеп турат. Бирок азыркы учурда коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү транспорттук-жүк ташуу тармагында эң эле маанилүү, керектүү, ыңгайлуу, көлөмдүү, тез жук ташуу – темир жол аркылуу экенин тастыктап койду. Андыктан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун тезирээк ишке ашыруу – бул замандын талабына, өлкөбүздүн кызыкчылыгына туура келген, кошуна өлкөлөр дүйнөлүк экономикага жуурулушуп, эл аралык коомчулукка карай бет алып өнүгүп бара жатканда, биз да артта калып кетпей, өз ордубузду таап, бекем бутка туруп, күчтүү секирик жасаганга өбөлгө түзчү ишенимдүү кадам болмокчу.

Булак: “Майдан. kg” гезити