Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун директору, Улуттук илимдер академиясынын академиги  Жамин Акималиев менен маек.

- Жамин агай, Президенттин Бээжиндеги кышкы олимпиаданын ачылыш салтанатына барганын сындап, “каражат коротпой эле эл учкан самолёт менен учса болмок”, “элдин баары мусулмандарды геноцид кылган мамлекет деп Кытайдагы олимпиаданы көрүүдөн баш тартып жатса, биздин президент барып алды”- деп жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?    

- Садыр Жапаровдун Бээжинге баргандыгы мамлекеттик максатка туура келет. Кошунаны адам же өлкө тандабайт. Аны Алла-Талаам аныктайт. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык”,- деп эл бекеринен айтпайт. Биз улуу коңшубуз Кытай менен түбөлүк достукта болушубуз зарыл. Анын үстүнө кышкы Олимпиадага Батыш өлкөлөрү саясый блокаданы ишке ашырып жатканда президенттин Бээжинге барышы туп-туура болду. Эми Садыр Жапаровдун кандай учак менен баргандыгынын мамлекеттик мааниси деле жок. Кептин бардыгы - коопсуздукту камсыз кылууда. Бирок менин оюмча, бирөөдөн самолёт сурап, анын учушуна саат сайын орчундуу каражатты жумшоодон көрө, президентке заманбап учакты сатып алуу арзан турат. Биринчиден, ал көп жыл кызмат кылат. Экинчиден, учакты президенттен тышкары Спикер, Кабминдин төрагасы жана жогорку деңгээлдеги расмий делегациялар пайдаланышы мүмкүн.

Эми “Кытайда мусулмандарды геноцид кылат”- деген сөз карандай калп. Бул өлкөдө мен жок эле дегенде 10 жолу болдум. Көпчүлүк провинцияларды өз көзүм менен көрдүм. Үрүмчүдөгү уйгур туугандарды гана эмес, Кытайда жашаган бардык улуттарга, ошонун ичинде кыргыздарга да, мамлекет өзүнүн камкордугун дайыма көрүп келет. Улуттук азчылыктын каада-салтын, маданиятын, тилин жана адабиятын толугу менен сактоого бардык шарттар түзүлгөн. Бир эле мисал, кыргыз элинин сыймыгы болгон “Манас” эпосун Кытайда Кыргызстанга караганда көбүрөөк чыгарышат жана дүйнөлүк маанидеги бул шедеврди аябай даңазалашат. Атайын “Манас” деген операны коюшту жана аны бизге алып келип көрсөтүштү.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат деген маалымат тарай баштады. Бул темир жол курулса, Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп ишенсек болобу?

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курабыз дегенге көп эле жыл болду. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Президент Жапаров бир жыл мурун ишине киришип жатып, ушул маселени кабыргасынан койгон. Азыр болсо Кытайга атайын барып, бул өтө маанилүү маселе боюнча Си Цзиньпин менен бетме бет сүйлөшүп келди. Эми, XXI кылымдын орчундуу долбоору болгон темир жолдун курулушу жакынкы мезгилде башталат деп үмүттөнүп туралы. Үмүт үзүлбөсүн.

- Президенттин Кытайга жасаган иш сапары жемиштүү болдубу?

- Президенттин Кытайга жасаган 3 күндүк сапары жемиштүү болду деп айтсак эч жаңылышпайбыз. Кытайлык досторубуз бекеринен бир нерсени айтпайт, ал эми эгер айтса, анда эч убакта андан кайтпайт. Биринчиден, темир жол куруунун төбөсү көрүнүп калды. Жол деген бул экономиканын кан тамыры болуп эсептелет. Жол курулса биздин алыскы аймактарыбыз өсө баштайт, турмуш оңолот, соода-сатык башталат жана карым-катнаш күчөйт. Республикабыздын аймагынан тынымсыз өтүп жаткан жүк ташуудан биздин казынага миллиондогон доллар түшөт.

Экинчиден, Кыргызстанды өнүктүрүү максатында Кыргыз-Кытай инвестициялык фонд түзүлмөй болду. Анын жалпы көлөмү бир миллиард долларга жетмекчи. Мындан тышкары айыл чарбасы, энергетика жана маданият тармактары боюнча натыйжалуу долбоорлорго кол коюлду. Ошондой эле биздин өлкөгө Кытай мамлекети 50 млн юань өлчөмдөгү грант түрүндөгү жардам бермей болду. Элдин ден соолугуна байланышкан дагы бир иш, 6 млн. эли бар Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина бермей болду. Эми жетишилген келишимдердин аткарылышы биздин өзүбүзгө байланыштуу. Президент сүйлөшүп келди деп, баарыбыз чалкабыздан жатып алсак эч нерсе чыкпайт. Жогоруда айтылган долборлордун ишке ашышына тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жана жалпы коомчулуктун түздөн түз катышуусу зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити