- Сонунбү эже, эмнеге президенттин Пекиндеги кышкы Олимпиадага учак жалдап барганынан кийген кийимине чейин сындап башташты?

- Негизи, президенттин Кытайда өткөн кышкы Олимпиадага барганы туура эле болду. Мени таң калтырып, кыжалат кылганы  азыр президенттин кийген кийиминен баштап, кайда, канчага барганын сөз кыла берген бир топ пайда болду. Булар мамлекетибиздин душманы деп билер элем. Себеби, буга чейин президенттердин эмне кылып жатканы, кайда, канча акча менен барып жатканы менен эч кимдин иши болчу эмес. Азыр деле эч кимге кызык эмес. Болгону, ошону чоң тема кылып чыгаргысы келген эл бузарлар өздөрү ошону туура кылып жатабыз деп ичи ирип жатканы өтө өкүнүчтүү. Чет мамлекеттерге чыгып, эл аралык карым-катнашты оңдоп жатканынан кынтык таба алышпай, минген самолётуна асылып жатышат. Эмне кылыш керек эле. Эч жакка чыкпай, эч ким менен мамиле кылбай отура бериш керек беле?! 

- Мусулмандарды геноцид кылып атса, ошол жакка барып алды деп да жатышат го?

- Кытайга барганы  эң эле жакшы иш болду. Себеби, Кытайды геноцид кылды деп официалдуу  түрдө кайсы мамлекет айтып же протест жарыялап чыга алды. Бетине айта албагандан кийин, ийинине кирип алып, чирик сөздөрдү таркатуу  эч бир эрежеге сыйбаган иш. Президенттин позициясы жакты мага. Бардык нерсе менен бетме-бет келип, коркпой, талуу жеринен кармагысы келет экен. Муну көптөн бери байкап келе жатам. Бир учурда"Чегирткеден корккон эгин экпейт" - деп айтканы да бар.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат, президенттер сөздөн ишке өтөт. Темир жолдон Кыргызстан пайда табат. Экономика көтөрүлөт деп ишеним артсак болобу?

- А дегенде  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат деген маалыматты жакшылык менен кабыл алсак жакшылык болот. Биз эч нерсе боло электе эле жаманга жоруп, жаман жорукту баштап көнүп алдык.  Бул темир жол курулса, Кыргызстан үчүн пайдалуу болоруна көзү жеткен үчүн жоопкерчиликти мойнуна  алып, президентибиз баштап жатат. Биз ызы-чуу болбой колдоп, коштоп, жардам берип турушубуз керек.

- Президенттин кытайдагы сапары жемиштүү болдубу?

- Президентибиз ошончо ат арытып  жөн эле баса бере турган акыбалда эмес азыр. Биз үчүн ар нерсени айтып  коюу оңой эле болуп жатканы менен Президент үчүн чечим кабыл алуу оюнчук эмес. Күнү-түнү  отуз ойлонуп кабыл алып жаткан чечимдерин туура эмес деп айтыштын өзү кесирлик. Кудай колдоп, Жаратканым жалгап кабыл алган  меморандумдардын баарын ишке ашсын. Президентибизге кайрат-күч берсин.