- Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, активисттер Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга бүгүнкү күндө негиз барбы?

- Биз Батыштын “агенттерин” өтө эле кутуртуп жибердик! Бүгүнкүдөй мажирөө абалыбыздын натыйжасы мына, эми көрүнүп жатат. Эй айланайын кыргыз, чет элдин акчасы менен күн көргөн уюмдар биздин коопсуздукту камсыз кылууга арналган  органыбызды кадимкидей эле калчап, анын башчысын жумуштан кетсин деген талапты койгондуктарынын өзү эле эмне деген шумдук, кокуй? Биз, кыргыздар ушунчалык эле майып болуп калдыкпы? Ооба, аталган кызматтын жетекчилери деле адамдар. Балким жаңылыштык кетирип жатышкандыр. Андай болсо алар мыйзам чегинде жооп беришет. Бирок, элестетип көрүңүздөрчү, “Муздак согуш” убагында ЦРУнун жетекчисин же КГБнын төрагасын митинг уюштуруп туруп, кетсин эле кетсин деген кыйкырыктарды? Элестетүү кыйын! Ошентем деген көңүлү таза канча адамдар өлүп кетишти? Андай заманга кайрылгандан Кудай сактасын! Камчыбек Ташиев күнөө кылса мыйзам алдында жооп берет. Ал деле бааарыбыз сыяктуу кыргыз жараны. Ооба, кызмат орду бийик. Милдеттери эбегейсиз зор. Бирок, ал  элим үчүн кызмат кылам деп  деп жаткандыр!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити