"Мурдагы СССРдин курамынан чыккан өлкөлөрдүн көбүндө коррупция күч", - дейт укук коргоочу Качкын Булатов.
"Америка көз карандысыздыкка жеткенине 250 жылдан ашты. Мына, ошол 250 жылдан бери башкарган бир дагы президенти мамлекетти тонобоптур, уурулук кылбаптыр. Бул таң калыштуу. Баары 8 жыл бийликте болот, анан кетишет. А биздин эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. СССРдин курамынан чыккан дээрлик бардык өлкөлөрдө мыйзам бузуу бар, мисалы, Россиянын президенти канча бир мөөнөттөн бери тактан түшпөй келатат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликти араң дегенде өткөрүп берди. Негизи эле СССРди көргөн өлкөлөрдүн ажолору ууру болду. СССРдин тарбиясын көрдү, темирдей тартипте болду деген чоңдордун баары ууру болуп чыгышты. Нурсултан Назарбаев кристаллдай таза делип, биринчи Казакстандын биринчи катчысы, андан кийин президенти болду. Жыйынтыгында кандай? Тууган-уругу менен биргеликте элдин мүлкүн талап-тоношту. Миллиарддаган акчалар кетти чөнтөгүнө. Ал акчалар элдин ыйы, көз жашы, муң-зары эмеспи. Ажолордун уурулу элинин тентишине, башка элде басмырланышына, кордук көрүшүнө жол ачат. Мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүнө эбегейсиз зыян алып келет. Биздин буга чейинки президенттер да уурулуктан куру калышпады. Эми Садыр Жапаровго Кудай ыйман берсин деп тилейли. Азыркыдай таза бойдон калсын, Көлдүн Жети кыдырына кошулуп, сегизинчи кыдырына айланган инсан болсун деп тилейли", - деди Качкын Булатов.