Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча тараптардын кезектеги жолугушуусу 10-февралда болоору белгилүү болду. Буга чейин 27-январдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМКларынын башчылары жолугушкан. Чек ара маселесин чечүүдөгү Камчыбек Ташиевдин ролу тууралуу Эрнис Нурдин соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. 

- Кандай жол болбосун кыргыз-тажик чек арасын биз тарапка чечип, Ташиев тарыхта калуунун жолун издеп жатат десек болот. Бул ирет Камчыбек  Кыдыршаевич өзүн тарыхый сыноого салды. Бирок чек ара чыры чегине жетпесе тобокел жолго барбайт.
Ташиевдин тарыхка болгон биринчи баскычы  - Түркиянын "Байрактарын" тандап, өлкөнүн коопсуздугун бир топ коргоп койгонун Баткендеги акыркы окуяда байкалды.

Эки мамлекет ортосундагы талашка күчтүү дипломаттардын деле күчү жетпей калышы мүмкүн, бирок Ташиевдей патриоттордун кадамдары бир жагына сүрүп чыккыдай.

Бүгүн ЖК комитетинде УКМКга караштуу контр.разведка боюнча  мыйзам биринчи окууда кабыл алынды. УКМКдагы контрразведканы Бакиев алсыратып, чоң катачылык кетирген  эле. Азыр Ташиев бул бөлүмдү кайра башынан күчөтүп, чалгындоо кызматын ишке салганы турат. Бул да болсо Ташиевдин эртеңки күнгө болгон камкордугу катары каралышы керек.