Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү боюнча пикирин билдирген. Ал бул тууралуу 29-январда кыргыз-тажик тараптын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин кыргыз журналисттерине айтып берген.
“Чек ара жаңжалдары эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинин чечилбей жатканынын кесепети. Негизги себептерди жоюшубуз керек. Маселенин маңызына карап, акыркы чечимди кабыл алуу зарыл. Мен маңызы деп биз жетектей турган укуктук актылар тууралуу айтып жатам. Бул укуктук актылар эки тараптуу макулдашуунун негизинде чечилиши керек. Биз 1824-29-жылдардагы негизги документтерге, 1989-жылдагы комиссиянын жоболоруна, кол коюлган протколдорго таянышыбыз керек. Бул протколдор дагы элибиздин кызыкчылыгын чагылдырган документ болуп саналат. Ошондуктан, аларды так сакташыбыз керек. Укуктук актылардан, кол коюлган протоколдордон четтөө конфликттерге алып келет”, - деген Ятимов.