Октябрь 2020- жылдагы окуялардан кийин Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич тонолгон, таланган, бюджетинде жарты тыйыны жок, чек арасы ачык, армиясында түтөгөн бир танкасы бар, куралы аз-маз бар, бирок огу жок Кыргызстан мамлекетинин бийлигинин башына келди.Келген күндөн баштап кубаттуу мамлекет курабыз деген асыл ойлор менен жемкорлор, ууру - кески саткындар менен аёсуз күрөш баштады. Алардан миллиарддаган акчаларды кустурду, кыянаттык кылгандарды темир тор артына тыгып, "Чыккынчыга чыккынчыдай мамиле" дегендей көздөрүнөн жаш эмес, кан да агызды.Бюджетибиз 30-жылда болбогон ашыкча көрсөткүчкө жетиштик. Бир жылда жасалган иштерди жаза берсек өтө көп, ансыз да элибиз билип-көрүп жатасыздар.

Өзбекстан менен чек ара маселесин толук чечип, Тажикстан сыяктуу тажаал мамлекет менен чек араны чечүүгө белсенип турганда капыстан жергебизге фашисттерче кол салып Тажикстан кирип келип, Кыргызстандын Лейлек районунун айылдарын басып алып, анын кесепетинен отуздан ашык жараныбыздан айрылдык. Азыркы учурда кээ бир оозуна алы жетпеген үй баатырлары жылуу төшөктө жатып алышып: "Эмнеге каршылык көрсөтбөйсүңөр, шейит кеткен 36 адамлын өлүмүнө жооп бересиңер ж.б." - деп тили үзүлгүчө кыйкырышууда. Урматтуулар, бир танкабыз болсо, огу жок автоматтарыбыз менен кантип тажиктердын жүздөгөн танкаларына, авиациясына туруштук бермек элек?

Жакшы, акылдуу президентибиз, тайманбаган баатыр мүнөз агаларыбыз муштумун түйүп, тишин кычырата тиштеп, өздөрүн карманып туруп армиябыздын кырылып калышынан сактап калышты. Коопсуздугубуз биринчи орунда экенин түшүнүп туруп армияны күчтөндүрүүнү максат кылышкан эле.

Андан бери айлар өтүп, армиябызга көңүл бурулуп, аскер техникалары өз бюджетибизден сатып алынып келип, кечээги болгон Баткен окуясында намысыбызды сактап калдык.Жакында дагы аскер техникалары келет. Алар келсе армиясы кубаттуу мамлекетке айланабыз. Отуз жылда жасалбаган ушунча нерсени көрбөй туруп, көрсө да көргүсү келбеген кимдер?

Алар: эгемендүү мамлекет болгондон бери казынаны тешип кускан "крысалар", ээн-эркин жортуп жүрүп колго түшкөн уурулар, жерди саткан, элди тентиткен саткындар, майлуу акча булагынан айрылган тойбостор, чет өлкөдөн акча жеп, өз өлкөсүн тополоң кылган чыккынчы - бузукулар, наркомандар. Булар мурункудай майкөл- сүткөл заманын самашып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге көө жабыштырып, элге жек көргөзүп, кайрадан реванш алгысы келип жатышат. Мен аларга ачык айтып коёюн, алар өткөн заманын эңсебей эле коюшсун. Андан көрө моюндарына курун асынып, жан соога сурап, жегендерин кусушсун, четтин акчасынын күчү менен элиме бүлүк салгандар кыянатчылыгын токтотуп, элге кызмат кылышсын.

Урматтуу оппозициялык күчтөр, НПОлор, сырттан акча жеген журналисттер,кармалып акча кускан жемкорлор ж.б. бузукулукту токтотуп, "Кыргызстан" деген үйүбүздү туу тутуп, бир түндүктүн алдына бириккиле. Мамлекетибиз бирөө эле. Тополоң кылып, кайра-кайра төңкөрүш кыла берип Кокон хандыгынын тагдырына туш болуп калбайлы. Ал мамлекетти да Түндүгүнөн Талас менен аксылыктар баса калып, кийинкиде алайлыктар төңкөрүп, ортосунан ичкилик уруулары баса калып жүрүп жок кылып тынган. Ошол тарыхты унутпайлы.

Же эгемендигибиз ашыкча болуп жатабы?

Эркиндигибизди көтөрө албай жатабызбы?

Илгери орустар башкарып турганда кимиңер булкунуп чыктыңар эле?

Мамлекетибизден ажырап, кул болуп тентигенди самап жатасыңарбы?

Азыркы сабаттуу болуп көрүнгөндөр, сынчылар, бузукулар да убагында өлкөбүздүн эң жогорку кызматтарында иштешкен. Ошондо эмнеге Кыргызстанды өнүктүрүп коюшпады. Эми акылына кириштиби же публикага ойношуп, жеке кызыкчылыгы үчүн популист болуп жатышабы?

Бирөөсү сүйлөп жатат "бир да мамлекет сыйлабайт" деп, бир ппезидентибиздин башына кашык менен урса мылжыйып күлүп койсо, дагы бири жанагындай кыздарча мойнун кучактаса, бириси чуркап барып жалдыраса, аларга ошондой майсыл, "хоп, майли" деген президент жагат да.

Садыр Нургожоевичтей патриот, чөгөлөбөгөн президентти, арстандай айбат берип турган Камчыбек Кыдыршаевичти жактырат беле...

Чуркап баргандарга көнүп алгандарга өөн учурап, чөгөлөтүү максатында ар кандай оюндарды көрсөтүүдө.

Акырында айтаарым, урматтуу кыргызстандык замандаштарым, азыркы учурда жогорудагы мителер баш көтөрүп турганда, сырткы күчтөр тиштин кайрашып, "ляппай" президентти коюп алсак, биздин айткандай болот деп көздөрү кызарып жатканда , жерибизге көз арткан душмандар босогодо турганда, кымбатчылык болуп туш тараптан тоскоолдуктар болуп жатканда мен элимди жана оппозиция, позиция дебей ынтымакта болууга чакырам!

Башка элдер "кыргыздар оңой эле бийликти таш менен алып коёт" деп мактаса дардаңдабайлы. Өз өлкөбүздү талкалап коюп баатыр болбойлу.

Андан көрө кубаттуу, күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстанда жашагыбыз келсе бийлик башында турган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жүргүзүп жаткан саясатты колдоп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу.

Иш жүрүп турган жерде каталык кетет, иш жүрбөгөн жерде эч качан ката болбойт. Эгер каталык болуп жаткан болсо иш жүрүп жатат деп билгиле. Жаманыбызды жашыралы, жакшыбызды даңазалап алалы туугандар!

 Шүкүрбек Эркебаев, коомдук ишмер