- Турсунбек агай, 30 жылдан бери жарандык коом, демократиялык коом, адам укугун, сөз эркиндигин коргоо боюнча иш алып бардыңыз. Сиздин убагыңыздагы телчигип жаңы пайда болгон жарандык коом менен азыркы жарандык коомдун айырмасы барбы?
- Биздин убактагы мезгил образдуу айтканда сонун мезгил экен. Биз демократия жаңы Кыргызстанга келгенде чыкканбыз. Ал мезгилде жарандык уюм жок болчу. 1990-жылдары КДК деген жарандык коомду “Компартияга” альтернативдүү кылып түзгөнбүз. Андан кийин КДКнын алдында “Майдан” деген гезит, “Кыргыз эл” деген телевидение, бир топ саясий партиялар пайда болду.
Кыскасы, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон баштап, чет мамлекеттер тааный баштады. Биринчиден болуп, Түркия, Америка тааныды. 1992-жылы Кыргызстанда Американын элчилиги ачылды. Американын, Түркиянын элчиликтери жана жалпы эле Европа Кыргызстандагы жарандык коомдун калыптанышына моралдык жардамдарын берип, демократияны, жарандык коомду өнүктүрүүгө чоң салым кошушту. Ал мезгилде алар ички ишибизге кийлигишчү эмес. Болгону, бизге моралдык жардам берип, камалгандарга кысым көрсөтпөгүлө деп мамлекетке грант берчү. ОБСЕге мүчө болдук. Алар дагы адамдарды камабагыла, граждандык коомду колдогула дегендей кыйыр тапшырмаларды берип, бизге урмат-сый менен мамиле кылууга үндөдү. Ошон үчүн ал жылдары пикет, митингде кармалгандарга айып пул гана салынып турду. Ал мезгилде Батыш азыркыдай граждандык уюмдарга да грант берчү эмес. Тагыраагы, мамлекетибизде башаламандык уюштурууга кызыкдар эмес эле. Мамлекетке колдоо көрсөтчү. Ал кезде мамлекеттик кызматтагылар да даражалуу адамдар эле. Көп кысымга албай, аброюбузду сыйлап мамиле кылышчу. Анткени, “демократия келди, Союз тарады” деп жашоону жаңы барактан баштаганыбызга баарыбыз түшүнүү менен мамиле кылууга аракет кылчубуз. Митингге чыккандарды камоо 1999-жылдары Куловду колдогон митингде жана 2000- жылы президенттик шайлоодон кийин күч алды. Ушул учурда укук коргоо органдары 2 күндө бирден кармоону адатка айлантты.
- Сиз да камалгансызбы?
- Ооба, мен 17 жолу камалып, 4 жолу 17 суткадан отурдум. Калган учурда 3-5 суткага камалдым. Ал кезде азыркы граждандык коомдой болуп, кымбат баалуу плакаттарды алып чыкчу эмеспиз. Подземкадан эле плакат сатып алып. Талаптарды жазып алчубуз. Ал мезгилде Акаевдин 10 жыл президент болуп, үй бүлөлүк башкарууга багыт алганына, адилетсиздикти орното баштаганына чыдабай митингге чыкчубуз. Аксы окуясы болгондо Кыргызстан боюнча 37 миң киши пикетке чыкты. 700гө жакын адам ачкачылык жарыялап, 6 адамга ок тийип каза болду. Шералы Назаркулов бийликке нааразычылык жарыялап, кармаган ачкачылыктан каза болду. Кыскасы, ушундай жагдайлардан улам эл көтөрүлүп, акыры Акаевдин бийлиги кулатылды. Биз муну батыштын таасиринен же болбосо каражат, грант алып жасаган эмеспиз. Жүрөгүбүз менен ишке ашырганбыз.
- Жарандык коомго кайсы жылдары Батыштын таасири тийе баштады?
- 2005-жылдан кийин жарандык коомдор аркылуу Батыштын таасири ачык байкала баштады десек болот. Отунбаева алгач Ак үйдө иштеп, анан Тышкы иштер министри болду. Кийин министр болбой калгандан баштап, Текебаев, Отунбаевалар оппозицияга өттү. Тагыраагы, алар аркылуу батыштын кийлигишүүсү башталды. 2010-жылкы революция Американын, Европа мамлекеттеринин кийлигишүүсү менен ишке ашты. Бакиев да чоң каталарды кетирип, бир туугандарын, баласын бийликке аралаштырды. Текебаев менен Отунбаевага чет жактан каржылоо келип, анан 2010-жылкы революцияны ишке ашырышты. Батыштын көрсөтмөсү менен Текебаев Отунбаеваны көрсөтүп, ал бир жарым жыл президент болду. Ушундан баштап Батыш жарандык коомдор да каржылай баштады. Тагыраагы, жарандык коомдордун дагы жаратылышы өзгөрдү. Жарандык коом эл үчүн маселе көтөрүп чыкпай, каражат табуу үчүн маселе көтөрө башташты. 2008-жылдан баштап Батыш улуттун ички ишине кийлигишип, Президент ким болуш керектигин аныктоого аракет кылышты. 2020-жылы да революцияны дагы батышчылардын күчү менен башталып, патриоттук күчтөрдүн көтөрүлүшү менен аяктады. Жыйынтыгында Садыр Жапаровду президент болду. “Азаттык”, “Кактус Медия”, “Клооп”, жана Темиров сыяктуу НПОлордун оюу ишке ашпай калды. Бирок, алар аны менен эле тынчып калышкан жок. Азыр Батышчылардын максаты түстүү революция кылып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев башында турган бийликти кетирүүнүн арактеин көрүшүүдө. Ошон үчүн жаман атты кылууга аракет кылышып, түрдүү иликтөөлөрдү чыгарып жатышат.
-Сөзүңүзгө аралжы. Ташиевдин схемасы менен эки күндө 37 миллион тапса болот деген иликтөө жарык көрдү. Ал иликтөөгө ишенсек болобу же алар элдин колдоосуна ээ болгон Ташиевди жаман атты кылууну максат кылышканбы?
- “Темиров лайф” деген каналдын иликтөөсүнө такыр эле ишенбей койсо болот деп айталбайм. Ал жерде бир топ цифралар, фамилиялар көрсөтүлүптүр. Кайдан акча түшкөнүнүн баарын далилдөөгө аракет кылышыптыр. Эми иликтөөдө аты аталган Ташиевдин туугандары же Камчыбек Ташиев өзү ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн сотко кайрылса, сот аныктаса туура болот деп ойлойм.
Камчыбек Ташиевге каршы иликтөө эмнегедир Раим Матраимовдун иликтөөсүнө үндөшүп жатат. Ошондой эле Болот Темиров менен Али Токтакуновдун жүргөн жери да, алган каражаттары да иши да бирдей болуп жатат. Али Токтакунов чулгандуу иликтөөлөрдү жасап, ат жасап, жетишерлик каражат таап алып, эми саясат менен шугулданып жатат. Ал “Ата Мекен” партиясынан шайлоого катышты. Бирок баштагы аракетин улантып, азыркы бийликти жаман көрсөтүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Болот Темировдун да ага окшош жактары көп. Экөөнүн чапкан камчылары да бир. Али “Раим-миллонду” жамандап, Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кулатууга аракет кылса, Бо лот Темиров Ташиевди жамандап, Садыр Жапаровдун бийлигин кетирүүгө аракет кылып жатат. Болот Темиров да иликтөө жасап, атын чыгарып, саясатка аралашууну көздөп жатат.
- Булар өзү эле ушундай багытта иштеп атабы же буларды ошондой чулгандуу иликтөөлөрдү жаса деген адамдар барбы?
- Менимче, булардын артында Батыштын саяасатын колдогон саясатчылар бар. Алар ачык эле Темировду колдоп чыгышты. Кыскасы, Болот Темировдун сырттан келген каражаттары, сметалары, канча адамга айлык төлөп бергени боюнча да маалыматтары чыкты. Ал каражаттын баары Кыргызстанды дүрбөлөңгө салыш үчүн алынган акчалар. Кыскасы, тыштан каржыланган маалымат булактары мамлекетке каршы бузукулук иштердин баарын жасап жатышат.
- Айтканыңызга ынаналы. Батыштын каражатына тоюнуп алып, Кыргызстанда маселе жараткысы келгендерди тиешелүү тармактар көзөмөлдөшү керекпи?
- Эгер мамлекеттин коопсуздугун сактайбыз десек, сөзсүз сырттан каржыланган уюмдардын аракеттерине жана аларга келген каражаттарга көзөмөл болушу керек. Анткени, андай эбегейсиз каражаттар Кыргызстанды башаламандык уюштуруу үчүн берилип жатат. Алардын артында Кыргызстанда баш аламандык уюштуруп, өз адамдарын бийликке койом деген мамлекеттер турат. Ошон үчүн граждандык коомдорду куугунтуктоо кылбай, атайын кызмат өз ишин кылыш керек.
- Ташиевди мактагандар да, сындагандар да көп. Ал кандай иштеп жатат?
- Мен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу жакшы пикирдемин. Мен аны акчанын артынан түшпөй, патриоттуулук менен иштеп жүргөн инсандардын бири деп билем. 2010-жылкы каргашалуу түштүк окуясында Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибековдор кандуу окуяны токтотууга чоң салым кошушканын билем. Кызматы жок болсо да, Камчыбек Ташиев кайда чыр чыкса, ошол жерге барып, Сооронбай Жээнбековдун убагында өз пикирин билдирип жүргөнү да эсимде. Ошон үчүн аны ичкич, жегич деп сындагандарга кошула албайм. Андай пикирге мен эмес, коомчулук да ишенбейт деп ойлойм. Ошон үчүн Болот Темировдун иликтөөсүнө анча ишеним арта албайм. Болот Темировду Америкалык күчтөр ушундай багытта иш жасатып жатат деп ойлойм. “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медия”, “Темиров лайф”. Текебаевдин “Жалбырак ТВсы”, “Апрель” каналдарынын баары бийликти жаман көрсөтүү үчүн иш кылып жатышат.