Бизде дагы деле демократиянын эмне экенин түшүнбөгөндөр көппү деген ой кетет. Демократиянын эң башкы талаптарынын бири - ар бир адамдын добуш берүү жана шайлануу укуктарын камсыз кылуу. Же өкүлчүлүк органга шайланып келгендин мандатынын тагдырын өзүнүн же шайлоочуларынын каалоосусуз эч ким чече албашы керек. Бул өңүттөн алганда, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырсын деген талаптардын болуп жатканы чыныгы демократиянын талаптарына ылайык келбей турганын ачык айталы.

Ш.Ташиевдин мандатын тапшыруу же тапшырбоо боюнча маселенин көтөрүлгөнүнө агасы, УКМК төрагасы К.Ташиевдин “бир үй-бүлөгө бир эле саясатчы жетишет, ал жакынкы күндөрдө мандатып тапшырат”- дегени негиз болууда. К.Ташиев балким, “иним депутат болуп турса, бизди саясатташтырып, ыңгайы келсе, келбесе да жаманатты кылуу аракеттери боло берет экен, мен кызматта турганда бир тууганымдын саясаттан оолак эле болуп турганы оң окшойт”- деп жакшы ниет менен пикирин айткандыр.

Биринчиден, экөөсү бир үй-бүлө эмес, инисинин өз үй-бүлөсү бар. Мейли, Камчыбек мырза агалык укугунан пайдаланып оюн айтты, иниси аны туура көрүп укту дейли. Бирок анда ага ишенип, өз добуштарын берген 25 миңдей шайлоочунун укуктары кандай болот?

Экинчиден, ал парттизме аркылуу шайланган эмес, бир мандаттуу округдан шайланып келген. Каалайбызбы, каалабайбызбы бир мандаттуу округдун мандатынын салмагы, күчү тизме менен шайлангандардыкына салыштырганда жогору экени талашсыз. Тизме менен квоталардын негизинде элге түгүл, айылындагыларга белгисиздер деле шайлана беришет. Ш.Ташиев Сузак менен Жалал-Абаддагы шайлоочулардын добуштары менен депутат болуп келген. Демек, анын депутат болушун же болбошун К.Ташиев же борбор калаадагы көчө саясатчылары эмес, өз округунун шайлоочулары гана чечүүлөрү зарыл. Аларсыз эч кимдин Ш.Ташиевге “мандатыңды тапшыр” деп айтканга саясий гана эмес, моралдык укуктары да жок. Мурда парттизмелер аркылуу шайлангандардын мандаттарынын тагдырларын партиялардын лидерлери соодалашып чечип келишкен, аны жакшы билебиз. Эч кимге жашыруун эмес. Бирок бир мандаттуу округдардан шайлангандардын мандаттарынын тагдырлары тийиштүү округдардын шайлоочулары гана чечип жүрүшкөн. Же бир тууган агасын жаман көргөндөрдүн дооматтары, кысымдары аркылуу Ш.Ташиевди кысымга алып, мандатынан ажыратуу логикага да, акылга да сыйбайт.

Дегинкисинде, К.Ташиевдин УКМК төрагасы болгону үчүн эле инисинин мандатын тапшыруусун талап кылуунун өзү туура эмес. Биринчиден, Ш.Ташиев өзү үчүн жооп бере турган инсан, саясатка да, шайлоого да өз чечими менен катышкан, демек, мандатынын маселесин өзү гана чече алат. Экинчиден, андай талаптарды койгудай К.Ташиев өлкөнүн биринчи жетекчиси эмес, 6-7-деңгээлдеги көп жетекчилеринин бири. Ал эмес Президенттин бир туугандарынын деле өкүлчүлүк органдарына шайланууга укуктары бар. Президенттин, УКМКнын төрагасынын бир туугандары парламентке шайлана албайт деген мыйзамдык ченем бизде да, башка өлкөлөрдө деле жок. Демократиялуу өлкөлөрдүн тарыхтарында президенттин бир тууганы парламентте депутат болуп, же чоң кызматтарда иштеген мезгилдер көп эле болгон. Ага АКШдагы бир тууган Кеннедилерди, Польшадагы Качиньскийлерди мисал кылсак болот. Экс-президент С.Жээнбеков бийликте турганда иниси Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурду, талапкер катары шайлоого да катышты. Бул Конституцияга да, мыйзамдарга да каршы келбейт.

Бир сөз менен айтканда, жумурткадан кыр издегендин пайдасы жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити