Дүйнөдөгү эң демократиялуу делген, жарандык коомдору күчтүү өлкөлөрдүн бардыгында сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдар, аларга окшош башка институттар - чет элдиктердин агенттери катары эсептелет. Өкмөттүк эмес уюмдар чет өлкөлөрдөн гранттарды алып, маданий, социалдык, гуманитардык, чарбалык иштерди жүргүзө беришсе, эл да, бийлик да аларды колдойт, бирок саясатка, башкаруу иштерине аралашканга мүмкүндүк беришпейт.

Андай мыйзам Россияда да бар. Анткени, “ким акчасын төлөсө, музыканы ошол заказ кылат” дегендей, НПОлордун жетекчилери, активисттери каалашса да, каалашпаса да ким грант берсе, ошонун буйрутмасын аткарары талашсыз. Андай гранттардын аркаларында айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары турары эч кимге деле жашыруун эмес. Тилекке каршы, Кыргызстанда ким гранттардын эсебинен оокат-тиричилигин оңдоп алса, ал ошол замат саясатчыга айланып, айрымдары президенттикке талапкерлигин койгон фактыларга да күбө болдук.

Чет өлкөлөрдүн саясатташкан уюмдарынын кызыкчылыктары биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына шайкеш келсе, алар эч качан акча беришмек эмес. Өзүнөн өзү бүтүп, аткарылып жаткан иштерге ким эле каражатын короткусу келсин. “Бекер тамак капканда гана болот” дегендей, сөзсүз саясый максаттагы гранттардын аркасында колкосу, же Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы жагдайлары болбой койбойт.

Биздеги грант жегичтер Акаевдин убагында бир чардап алышты. Эки күндүн биринде НПОлордун жетекчилери маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке акыл үйрөтүп, айрым чечимдерин сындап, жамыраган кайрылууларды, билдирүүлөрдү таркатып турушчу. Ошол убакта экологдор, адам укуктарын коргоочулар иттин бүргөсүндөй жайнап кетишкен. Айрым укук коргоочу делгендер адам өлтүргөндүгү аныкталгандарды да коргоп, “абийир туткуну” деп даңазалап турушкан. Коомдук аң сезим, саясый тажрыйба арткан сайын жарандарыбыз грант жегичтердин чыныгы максаттарын түшүнүп, алардын кайрылуу, билдирүүлөрүнө көңүл да бурбай калышты. Азыр НПОшниктердин бири маалымат жыйынын өткөрсө, ага акысын төлөмөйүнчө эч ким барбайт. Коомдук аң сезимдин өсүшүнө жараша, бийликтегилердин да түшүнүктөрү артты. Сырттан акчаларды алып, кыргызстандык саясатчыга айлангандарга ачыктан ачык эле шектенүү менен карай башташты.

Мына ушул жагдайды биротоло легитимдештирүү үчүн Кыргызстан да коркпой-этпей АКШнын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамынын негизинде мыйзам кабыл алуусу керек. Сөзмө сөз көчүрүп, АКШ деген жерлерин “Кыргызстан” деп оңдоп койсо деле болот. Биздеги мыйзамдардын көпчүлүгү Россиянын мыйзамдарынын эле варианттары экенин баарыбыз билебиз. Мурдараакта, тилекке каршы, андай мыйзам долбоорлорун даярдап, сунуштагандарга акыркы шыбагаларынан айрылып калышарын сезген грант жегичтер сары аарылардай жабышып, ызы-чуу салып, кол койдуртпай коюшкан, Бирок, дагы деле кеч эмес, бизде саясый айдыңдагыларды чет элдиктердин барымтасынан чыгармайынча, өлкөдө туруктуулук болбойт. Супер демократиялуу АКШда кабыл алынган мыйзам эмне үчүн демократия жолуна түшүп бараткан Кыргызстанда кабыл алынбашы керек?

Бул маселе парламентте кабыргасынан коюлушу керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити