«Ата Мекен», «Азаттык», «Улуттар Биримдиги» жана «Улуу Журт» партиялары элдик парламент түзүп жатышканын коомдук ишмер Улукбек Маматаев билдирди.  

Ал белгилегендей, учурда бул боюнча жумушчу топ түзүлдү. 

"Жумушчу топ бардык техникалык маселелерди жана деталдарды иштеп чыгат. Биздин максат элдик парламентти Жогорку Кеңешке альтернативалык, элдин арыз-муңун уккан органга айлантуу. Тагыраагы, Жогорку Кеңеш кароодон качкан маселелер талкууланат. Элдик партияны түзүүгө саясатчылар, бир мандаттуу округдардан депутаттыкка талапкерлер дагы катышууда", - деди Маматаев.