Мен бул инсан менен жеке тааныштыгым жок.
Бирок мандатын тапшырат дегенин угуп, өз оюмду жазгым келди.
Урматтуу Шаирбек Ташиев ага,эгер окуп калсаңыз туура кабыл аласыз деген ойдомун.
Сиз 25 миңге чукул элдин добушун алып, убада берип, үмүт кылдырып, мыйзамдуу мандат алып, буюрган экен Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бардыңыз.
Эми мынтип элиңиздин добушун, колдоосун жокко чыгарып, кандайдыр бир ар кайсыны көздөгөн маалымат үчүн, аркага кадам таштап, мандат тапшырам дегениңиз туура эмес деп эсептейм. Азыркы болуп жаткан сөздөр,сиз мандат тапшыра калсаңыз эле токтоп калбайт, сиздин мандат жөн гана бир шылтоо болуп калды көрүнөт.
Маалыматтык согуш сизге чейин болуп келген, мандат тапшырсаңыз деле, тапшырбасаңыз деле боло берет. Ошондуктан элиңиз үчүн иштеп, мыйзамдарды жазып иш жүзүндө көрсөтсөңүз деген ойдомун. Эч күнөө кылбай эле мандат тапшыра берген туура эмес!Иштеңиз! Ар ким өзү үчүн жооптуу болуш керек!
Элге, өлкөгө бирөө гана кызмат кылыш керек деген мыйзам жок!
Мандатты тапшырбаңыз! Күрөшүңүз! Иштеңиз!
Сизге ийгилик каалайм!
Нияз Сарыев