Соцтармактын колдонуучусу Бек Бегматов өлкөдө акыркы учурда болуп жаткан окуялар тууралуу пикирин жазды:

- Отуз жылда өлкөбүздү буту-колун сындырып, чөнтөгүң какшытып,мойнуна очойгон карызды илип коюшкан. Анысы аз келгенсип атың өчкүр оору дүнүйөлүк кризиске такады. Садыр Жапаров  мурдагы ажолорго караганда болгон күчү менен өлкөнүн өнүп-өсүшүнө аракет кылып жатат, калыстуулук менен салыштырып көрөлү, эң эле көрүнүктүү, элдин акысы "Кумтөрдү" өзүбүз иштетип жатканыбыз бул чоң жеңиш эмеспи? 

Ушул убакытка чейин кайсыл бийлик келбесин "Кумтөр" менен өз кызыкчылыгы үчүн соодалашып, өлкөнүн нанын өзгөгө берип жүрүштү. Андан кийин аскердик техникаларды өлкөнүн өз каражатына сатып алып күчөттү, медиктер, мугалимдердин айлык маяналарын көтөрдү, мамлекеттик кызматкерлер үчүн көптөгөн жеңилдиктер түзүлүп жатат, социалдык тармак, ж.б бир четинен эсептеп келсең, шүгүр дей турган эле жылыштар бар. Бир тараптуу "өнүгүп кеттик, кыйратып жатат" дегенден алысмын, кемчилдиктер да көп, кемчилдикке караганда ийгилик көп болсо, кемчилдиктер да түздөлөөр деген үмүт. 

Азыр болуп жаткан кымбатчылык бизде эле эмес бардык өлкөлөрдө болуп жатат, бул кымбатчылыкты Садыр Жапаров келип кымбаттатып салгандай эле бурмалап жеткирип жаткан бузукулар көп. 

Бүгүнкү күндө оппозиция болуп, элге күйүп жаткандар эгер силердин максатыңар мансап эмес өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы болсо ажого элди каршы кылбай, бир муштумдай биригип, ажого жардам бермексиңер! 

Эмне үчүн мурдагы президенттер учурунда оппозиция мынчалык күч алган эмес? Себеби, алар эбегейсиз мансапка ээ болгонуна мас болуп, өлкөнү тоногондор менен күрөшкөн эмес, тескерисинче табакташ болгон. Азыр ошол өлкөнү тоногондорду толук тазалай 
албаса да алардын жолун жаап жатат. 

Азыр өлкөдө башаламандык уюштуруп,азыркы бийликти кулатууга кызыктар экениңерди көпчүлүк билип эле турат. 

Бузуку күчтөрдүн аракети мындан ары өлкөнү оңолуу жолуна эмес башка чоң өлкөгө көз каранды кылып бергенден башка жыйынтык жок болот.

Эгемендүү өлкө болгонубуз менен толук эгемендүү эмес, Орусиянын буйругу менен кыймылдап келген мурдагы бийликтердей кул мүнөз болбой, Садыр Жапаров чыныгы эгемен өлкө кылууга болгон аракетине дем бергендин ордуна, тескерисинче орустарга жагалданып турган, Ак үйдө ак чачтуулар бар.

Азыр ач айкырык кылып жаткан адамдар өмүрүн бийликтин каалаган креслосунда олтуруп чачы агаргандар эмне үчүн ошол убакта азыркы акылдарын иштеткен эмес? Иштеткен өз кызыкчылыктары үчүн, эл кечиргис күнөө кылса да өмүр бою жазаланбай турган, өздөрүнө калкан болуп бере турган мыйзамдарды жазып алышкан. 

Иликтөөчү болуп кыргызга күйгөн болуп көрүнгөн журналисттер эч качан кыргыздын жакшы жагын даңазалаган эмес, баскан жолун карасаң батыштын пулуна сугарылып, жаштарды гей,лесбиянка кылып, кыргыздын тукумун куруткусу келгендер.

Кээ бирлери анча мынча чиновниктин кемчилдигин таап, алардан пул өндүрүп күн көргөндөрүда жок эмес. 

Булар элдин башын айландырып бийликке каршы алып чыккан болсо, бийликти колдогон эл да чыгат, ортодо отуз жылда болуп көрбөгөндөй #ЭЛДИК_КАГЫЛЫШУУ жаралат, мына ошондо жоготууну көр, кайра эле эл кансырайт, отуз жылда митинг, төңкөрүштө бир президент же бир депутаттын жабыркаганын көргөн жокпуз, алар элди өз кызыкчылыгына эле курал кылат.

Башаламандыктын пайдасын бузуку саясатчыларды пайдаланган сырткы күч көрөт, андан кийин жарты эгемендүүлүктөн айрылып, толук көз каранды болуп, өлкөнүн байлыгын башка өлкөгө желдирип, кылымдар бою кулчулукка алып барышат. 

Мейли Садыр Жапаровдун иш аракети жакпай жатса ким жагат? 

Ким татыктуу? 

Ким өлкө үчүн күйөт? 

"Ким татыктуу кызмат кылды эле?" деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө берип көрөлү.