Жакында УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге таандык компания мазут сатуу боюнча мамлекеттик ишканаларга ортомчулук кылуу менен эки күндө 37 миллион сом тапканын жазып чыгышкан. Бул боюнча экс-депутат Кубанычбек Кадыров пикирин билдирди.
- Эки күндө 37 миллион табат дегенине элибиз ишенбейт, биринчиден. Экинчиден, «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, коррупция менен ким болбосун, кайсы кызматта болбосун катуу күрөш жүрүп жатканын бардыгыбыз көрүп билип турабыз. Коррупцияга аралашсаң депутат, министр болгонуна карабай камакка алып, тизгиндөөгө болгон аракеттер жумшалып жатат. Сыягы, жакында дагы бир топ чиновник жемкорлор кармалып калбайлы деп алдын ала контр каршылыкка өтүп жаткансыйт. Ошон үчүн ушундай маалыматтар коомчулукка тарап жаткандай. Кыргызда жакшы сөз бар го. "Ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт" деген. Мүмкүн, Ташиевди жаманатты кылабыз дегендер элди дүрбөтчү түрдүү маалыматтарды таратып жаткандыр. Бирок эл - журтубуз мындайларга жол бербейт деп ишенем.