Президент Садыр Жапаров “Вечерный Бишкек” басылмасынын редакциясы менен кеңири маек өткөрүп (аны толугу менен 8-9-беттен окуй аласыздар), азыр коомчулукта чоң резонанстарды жаратып жаткан “Асман” долбоору, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен жагындагы  5 гектардан ашык жер жөнүндө да  өз позициясын билдирди.

Издешпей табышкандар

Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда ал тогуз жолдун тоому деп айтарлык түйүндөгү 5 гектар жерди Төрт-Көчө айылынын эли менен Тажикстанга өткөрүп берип салган экен. Ал тууралуу мурда да айтылып, жазылып келген, бирок эки өлкөнүн чек араларын делимитациялап, демаркациялоону тездеткенге өткөндө талаш-тартыштын көпчүлүгү ошол жерге барып такалып жатыптыр. Анткени, ал жерди биротоло Тажикстанга өткөрүп, анан аны кайра 49 жылга ижарага алуу жөнүндө протоколго Коопсуздук кеңешинин ошол убактагы катчысы А.Мадумаров кол коюптур. Садыр Жапаровдун айтымында, ижара мөөнөтү аяктагандан кийин Тажикстан аны узартпай койсо, Лейлек району толугу менен анклавга айланат экен. Адахан Мадумаров аны билбей туруп бирөөлөрдүн шыкагы менен кол коюп салганбы же анын жекече чоң кызыкчылыгы да болгонбу? Эгерде жекече чоң кызыкчылыгы болбосо  өз мекенине кыянаттыкка барабар протоколго  кандай адам кол койсун?

Мамлекет башчынын айтымында, Адахан Мадумаров мына ушул маселе боюнча тийиштүү органга чакыртылып сурак берүүдө. Андан кандай         жыйынтык чыга тургандыгын сот гана аныктайт. Ал эми анын шакирти Орозайым Нарматова болсо, Жалал-Абад мамлекеттик университинен жасалма дипломду алгандыгы үчүн сурак берүүдө. Ал атайын орто окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө документи жок болсо да түз ЖАМУнун 3-курсуна кабыл алынып, 2013-жылы “жогорку билимдүү” деген дипломго ээ болгон экен. Эгерде чындап эле ал атайын орто окуу жайын бүтпөсө, диплому жокко чыгарылып, аны  түз 3-курска кабыл алгандар мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек. “Окшошконго жарашкан” дегендей, бул экөөcүнүн табышып, бир партияга бириге калгандарында да мандем бар окшойт.

Батирлер кимдерге курулчу эле?

Садыр Жапаров жаңы жылга өлкө 500 миллион долларлык кор менен киргенин, өлкөнүн жаңы тарыхында мындай учур болбогондугун белгилеп, ал каражат  дыйкандар жана фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө, үрөндөрдү жана жер семирткичтерди сатып алууга, бюджеттик кызматкерлерге батирлерди курдура турган ипотекалык компанияларга бөлүнгөндүгүн айтты.

Мамлекеттин мугалимдер, врачтар жана башка бюджеттик кызматкерлер үчүн батирлерди курууну эстей баштаганы жакшы көрүнүш. Болбосо Кыргызстан полициялык өлкөдөн бетер, мамлекет  буга чейин УКМКнын, ИИМдин, прокуратура, сот  кызматкерлери үчүн гана батирлерди куруп келди. Ал эми Улуттук банк өз кызматкерлерине батир сатып алуу үчүн 10-20 жылга үстөк пайызсыз насыяларды берип келгенин жакшы билебиз. Маданият, адабият, ЖМК кызматкерлери үчүн да батирлер курулса жакшы болмок.

“Асманды” эмес, ГЭСтерди куруу керек

Маектешүүдө Ысык-Көлдө курула турган “Асман” долбоору жөнүндө да суроо берилди эле, мамлекет башчынын жообуна ылайык, ал ишкерлердин, инвесторлордун каражаттарынын эсебинен гана курулат экен. Биздин оюбузча, бул ишке ашкыс кыялый долбоор. Анткени, кайтарымы кандай болору белгисиз, анын үстүнө товардык продукция өндүрбөгөн турак жайлык долбоорго 20 миллиард долларлык инвестиция тартуу практикалык жактан мүмкүн эмес. Жөн эле шаардын өзүн куруп койсо, ал жакка эч ким туруктуу жашаганы барбайт. Элди тартканга өндүрүштүк обьектилер, ага кадрлар, өндүрүлгөндөргө кардарлар, өнүккөн социалдык инфра түзүмдөр болуусу зарыл.

“Асманга” баш ооруткандан көрө бийликтегилер жаңы чоң, орто жана чакан ГЭСтерди курууну колго алуулары керек. Анткени, бизде жылдан жылга электр энергияларынын таңсыктыгы артууда. Мурда Токтогул суу сактагычына жайы менен суу топтолсо, акыркы эки жылдан бери ал Казакстандын, Өзбекстандын талаптары боюнча коё берилип, кышкы сезондо элге электр энергиялары толук жетишпей, ошондон улам кезектешип өчүрүүлөр болуп жатат. Быйыл кыш жеңил келип, азырынча кыйынчылыктар жок. Бирок, быйылкы жылды гана эмес, келерки жылдарды да ойлоо, ошого жараша иш кылуу керек. Кокус, кийинки кыштар оор келип, 20-30 градустук сууктар башталса, эл аябай кыйналат. Ошондуктан жакынкы 2-3 жылдын ичинде электр энергиялары менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кылууга баардык мүмкүнчүлүктөр жумшалуусу зарыл.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити