- Рамазан агай, Казакстандагы кылмышкер менен динди туу туткандар  биригип, ал трагедиялуу окуялар менен коштолуп кеттиби?

- Менимче, Казакстандагы абалдын курчушуна  динчилер менен террористтердин эч кандай тиешеси жок. Тагыраагы, Токаев  менен Назарбаевдин кланынын эле кармашы болду. Ага  Путин колдоо көрсөттү. Жыйынтыгында, абал көзөмөлдөн чыгып, Казакстандын түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы элдин нараазычылыгы күчөп, бир мезгилде бийликтин айласын кетирген нааразычылык акциялар орун алдыболду.   Революция болуп кетип бийликти колумдан чыгарып жиберем деп кооптонгон  Токаев “эл аралык терроризм” деген шылтоо  менен ОДКБнын аскерин киргизип, бийлигин сактап калды. 

Чынында Казакстандагы элдин нааразычылыгы кечээ эле жарала калган эмес. Ал бышып, жетилгени үчүн кечээ жакында дүйнө коомчулугунун көңүл борборуна айланып жарылды. Ага эң негизги себеп Назарбаевдин кланы Казакстандагы каражат түшчү жерлердин баарын ээлеп, ал турсун суютулган газды да кымбаттатып салышканы болду. Кымбатчылыктын сазына баткан эл айласы кетип нааразычылык акцияларына чыга баштады. Эл  нааразычылык акцияга чыккандар катуу жазаланаарын билди, бирок артка кайтса жашоо оңолбосуна көзү жетти. Ошон үчүн бир эле мезгилде 10 шаарда нааразычылык акциялары уланды. Бирок Токаев айткандай динчилер менен кылмышкерлер эл арасынан чыккан жок. Аларды бийлигин колдон чыгаргысы келбеген  Назарбаев пайдаланды. Жыйынтыгында, тынч митингге террорчулар катышкандай боёк сүртүп берди. Себеби, акыркы мезгилде митингдерде экономикалык, социалдык эле маселелер эмес, Назарбаевдин да кетиши талап кылына баштаган. Ошон үчүн нааразычылык акциясына чыккан элден кооптонгон бийлик  элге каршы  криминалды, аскерин, КНБсын, атайын кызматын пайдаланды. Жыйынтыгында абал курчуп кетти. Токаев менен  Путин  муну тез басуу үчүн ОДКБнын солдатын киргизет. Себеби,  Казакстанда революция болуп кетсе,  Россияда да эл толкуйт  деп Путин кооптонду.

- Назарбаев Путин менен жакшы болгон үчүн бийлигин Токаевге өткөрүп бердиби? Же ага андан башка жол жок болуп калды беле? 

- Ошондой десек да болот. Негизи Токаев Назарбаевге жана Путинге берилгенин көрсөттү. Ошон үчүн милдетин так аткарды деп Назарбаев калган бийлигин Токаевге өткөрүп берди. Анын үстүнө Назарбаев карылыгы жетип  араң эле басып калган. 

- Токаевдин Казакстанга 20 миң террор кирди, "Эл аралык терроризм" деп коңгуроо какканына ишенсек болобу?

- Токаевдин 20 миң террорист  келди дегени жөнөкөй элди кырыш үчүн чыгарган амалы. Назарбаевдин кланы, КНБ ошондой сценарий менен иштеп, Казакстанда иштеп жүргөн башка улуттарга оодара салайын дешкен. Ошон үчүн Токаев 20 миң террорист деген сөздү айткан. Алар террористтерди далилдейбиз деген максатта Казакстанда иштеп жүргөн кыргыздарды кармап, күч колдоно башташкан. Анткени, Кыргызстанда бир эмес, үч жолу революция болду. Ошол ызы-чууну Казакстанга да жасайын дешкен деген максатта иш алып барышкан. Бирок, баары эле алар ойлогондой болгон жок. Кудайдын көзү түз экен, күчтөп, доомат арткандарына карабай биздин жарандардын тиешеси жоктугу аныкталып калды. Бийлик да ар бир жараныбызды колдойбуз деген позицияда турду. Кыскасы, бийлик мактоого татырлык иш кылды. Аны мен эле эмес, демократиялык мамлекеттердин көбү баалап жатышат. Бийлик качан болбосун ушундай позицияны карманат деген үмүттөмүн.