- Орто кылымда эле англичандардын «саясатта достук болбойт, бир гана кызыкчылыкты ойлош керек» деген учкай сөздөрү мына, бүгүн дагы актуалдуу экендиги кашкайып билинип жатат. Анын үстүнө азыр маалымат согушу дүйнөлүк апаат болуп калды. Биз, кыргызстандыктар, бул согушка бирдиктүү фронт менен барбай чаржайыт, бейбаш жана башаламандык менен катышып келебиз. Улут катары өзүбүздүн идеологияны бир жаңсыл тескеп алганга дагы мойнубуз жар бербей келет. Сын айтсаң эле балээге кабылдың дей бер! Заматта «эл душманы» кылып коюп жатышпайбы? Казакстандагы кайгылуу жана кандуу окуялар мага эми эле башталгандай туюла баштады. Ылайым эле жаңылышып калайын! Бизге тынчтык керек.

Бирок байлыкты жана бийликти жашоо образы кылып алышкан макулуктар тынчтыкты кайдан ойлошсун. Казак туугандарыбыздын башчылары ушундай жолго түшүп алышкандай! Биз ЖККУнун алкагында, өз милдетибизди аткарып 150 жигитибизди аларга тынчтыкты коргоп берүү миссиясы менен жөнөттүк. Бирок казак бийлиги жеңил ойлуулук кылып жаткандай. Кечээги алардын күч структураларынын биздин жөнөкөй эле пианистибизди ур-токмокко алып, «террорист» кылып көрсөткөндөрү — бул наадандык. Ойлонуш керек да, акыры! Анда биздин карапайым мигранттарыбыз кандай күндү көрүп жатышат? Президент Садыр Жапаров биринчи кезекте ушундай ойлорго жетеленди. Анан тигиндей пост жазды. Мен ал текстти кунт коюп окудум. Кыргызча, анан орусча жазылыптыр. Муну орус масс-медиасы ала качып кетип жатпайбы? Бул дагы согуш! Мен санасам орустардын 8ден ашык негизги ММКлары дароо … "допустил, не исключил…" деген этиштер менен күчөтүп жатып калышты. Кыргыз менен казактын ортосуна от жагууну эң оңой жолун таба коюшту. Анткени, биздин президенттин сөзүн пайдалана коюшту да!

Биздин расмий пресс-кызматыбыз менен ТИМ дароо жоопторду жана жандырмактарды жаадырып салыш керек болчу. Азыр өлкө башчылары түз эле социалдык желелерди колдонушуп жатышат. Бул бүгүнкү күндүн талабы болуп калды. Мисалы, Англиянын премьер-минстри Борис Джонсон, ФРГнын экс-канцлери Ангела Меркель, Армениянын премьер-минстри Николь Пашинян, дээрлик эле бардык дүйнөлүк лидерлер бул ыкманы колдонуп келишет. Бирок тиешелүү кесипкөй кызматтарын да пайдаланышат.

Башка сөз казак туугандар туура түшүнүшүп, ниеттерин оңдоштору керек! Антишпесе өздөрүнө эле кыйын болуп калат. Бизде, Кыргызстанда жарандык коом абдан активдүү. Эгерде бийлигибиз аларды туура жана максаттуу колдоно алса, биз маалымат согушунда эч кимге жеңилбейбиз. Тилекке каршы азырынча андай болбой жатат! Кыргыз эли казактарга каршы эч качан радикалдык кадамдарга барган эмес, барбайт дагы. Бул дагы эле баягы бузуку күчтөрдүн аракеттери болуп жатат!