"Ташиевдин митингчилерге өзү барып, биздин жараныбыз Рузахунов күнөлүү эмес экенин кесе айтып кеткени, анын УКМКнын башчысы гана эмес, элдин үнүн уга билген саясатчы экенин сыпаттайт. Андан тышкары атайын кызматтын жетекчесинде кыргыздары бокочо, желмогуз, террорист катары көрсөтө турган маалымат согуш башталып жатканын алдына ала билип, бул боюнча кабары бар турганын көрсөтөт. Ошондуктан, анын элге, прессага таянып ачык билдирип жатканы, бул оюнду жок кылуу, профилактика жасоо аракети катары түшүнсөк болот", - дейт жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын төрагасынын билдирүүсү тууралуу. 

Жарандык активисттин пикиринде, Астананын саясаты абдан кооптуу жолго түшүп баратат.

"Анткени 20 миң террорист кантип пайда болуп келгенин түшүндүрүп, тастыкташ да керек. Ошондуктан баарын кыргыздарга оодарып коюу алар үчүн оңой, анткени: 
- Казакты кыргыз өңү бип-бирдей;
- Казакстанда 100 мин мигрантыбыз нан таап жүрөт. Өзгөчө Алматы облусунда. Аларды рейд аркылуу кармап, ар кандай көрсөтмө билдиртип койсо болот. 
- “Террористерди” даярдады деп, Бишкекте жайгашкан эл аралык уюмдарды атаса болот.
- Кыргызстанда эркин медиа, оппозиция, НПОчулар. Аларды да “террористерди” даярдады деп айып коюу жеңил иш.
- Кыргыз паспорту да көп эла аралык экстремисттер колдонуп келгени айтылган.
- “Террорчуларга”, Себат, Гюленчилерге тиешеси бар деп айтып койгонго да мүмкүнчүлүгү бар, анткени алар биздин мамлекеттте (салыштырмалуу түрдө) эркин жүрөт.
- Исламдын ар кайсы агымдары Борбор Азия мамлекеттердин ичинен, бизде эркин ишмердүүлүгүн жүргүзөт, анткени биздин мамлекеттен аларга карата репрессия жок. 

Назарбаев өзү жана Казактын расмий медиалары - 20 жылдан бери, Кыргызстанды бейстабилдүүлүктүн ордосу  деп тынбай сыпаттап келишкен.  А чынында келгенде Казакстанда болгон толкундоолор ички социалдык-экономикалык маселелерден чыккан, муну менен пайдаланып Токаев, аны бейрасмий башкарып турган Назарбаевди бийликтен түшүрүүгө жетишти.  

Биз мамлекет катары Казакстанда Кыргыздардын катышуусу бар экенин – экстремисттик ой катары билишибиз керек. Андай ойдуу таңуулаган эксперт, активист, саясатчыларды кыргыз душманы катары таанышыбыз абзел жана аларга карата керек болсо кылмыш иш козгош керек. Антпесек маалыматтык согуштан утулуп калышыбыз ыктымал", - деди Адил Турдукулов.