Казакстанда башаламандык болуп, мародерлор тарабынан бир катар ири объектилер тонолуп, өрттөлүп жатканда Адахан Мадумаров Нурсултан Назарбаевдин жардамчысына телефон аркылуу байланышыптыр. Мадумаров адатынча Нурсултан Назарбаевге жылуу саламын айтып, көкөлөтө мактап, пахта коюп сөзүн баштайт. Ачууланып турган жардамчы, сөздүн кыскасын айтууну, максатка өтүүнү сурайт. Анда Мадумаров: " Менин Алматыда бир катар кафелерим, соода түйүндөрүм бар экенин билесиңер. Азыркы абалда аларды коргоо зарыл болуп турат. Тоноп, талкалап кетишпесин деп кыжалат болуп отурам. Мүмкүн болсо, Нурсултан Абишевич менин Казакстандагы мүлктөрүмдү коргоого алып, полиция же атайын кызматтын азаматтарынан охрана коюп берсе, жакшы болот эле..." - деп агынан жарылат.
Назарбаевдин жардамчысы Мадумаровдун бул суранычын Нурсултан Абишевичке жеткирүүнү убада кылат. Назарбаевге Мадумаровдун бул сөздөрүн жеткиргенде, Нурсултан Абишевич катуу ачууланып: " Адахан собака, ушул учурда мага ушинтип кайрылып жатабы?! Иди нах.й деди деп жеткирип койгун!" -деп жардамчысына айтат.
Жардамчы кайра Мадумаровго чалып, "Абишевич сизди "иди нах.й" болсун деп сөктү. Айып этпеңиз. Мүлктөрүңүздү өзүңүз коргоп албасаңыз болбойт го..." - дейт. Мадумаров Казакстанга ташып топтогон кыймылсыз мүлктөрүнүн тагдырына сарсанаа болуп, маанайы түшүп, бир аз ден соолугу начарлап, заарын кимге чачаарын билбей отурган чак.
Касапчыга мал кайгы дегени ушул тура. Казак эли кан жутуп отурса, Мадумаровдун бул кылыгы кимге жаксын...
(Фейсбуктан алынды)