Казакстандын президенти К.Токаев атайын даярдыктан өткөн 20 миң террорист тууралуу кайра-кайра айтып, эларалык коомчулукту (өз эли баары бир ишенбейт да) ишендирүүгө жандалбастоодо. Алматыдагы тополоңду ошолор уюштурган имиш. Ара-чолодо анын тууралыгына күбө өткөн "кеңешчи-пеңешчилерди" да таап чыгууда казак телеси.

Токаевдин аргасыз токуган 20 миң террорист тууралуу жомогуна ишенип, санаа тарткандар кыргыздардын арасында да жок эмес. Мисалы, тажрыйбалуу саясатчы, чекист, генерал Феликс Кулов "ошолор эми бизге бастырып кирсе кантебиз' деп, өтө кабатырланып, санааркап, Кыргызстанды казак террористтеринен коргоонун планын иштеп убара тартууда. Аксакалдын кыраакылыгына "бали" дебеске арга жок...

Ырас, чын, Алматыда сырттан атайын аскердик-диверсиялык даярдыктан өткөн, куралданган 20 миң террорист көтөрүлүптүр дейли... Анда алар не үчүн ары сүр, бери сүр болуп, курсанттар, милиционерлер менен мышык-чычкан ойноп, 2- 3 күнүн көчөдө бошко кетирмек? 20 миң оңор сан, оңой күч эмес, анан да астейдил даярдыгы болсо (арасында жанкечтилер да арбын болуш керек)... ал "террористтер" а дегенде эле борбор калаа Астананы басып алып, ай- буйга келтирбей Акордону астын-үстүн кылып, жаңы келген келиндей үлпүлдөгөн Токаевге бийлик-байлык көйүнөн жедеп алсыраган Назарбаевин кошуп туруп, кирчү жерине киргизип коймок да, туурабы? Мүмкүн, 20 миң деле ашыкча, жогоркудай ишти жайгаруу 2 миң эле "террористтин" колунан келмек.

Достор! Жеке бийлигин сактоо үчүн элин атып, анысы аз келгенсип, чет элден аскер чакырып, мамлекетинин эгемендигин сатып, колу-жолу канга малынып, алапайын таппай калган Токаев карандай калпты шыпыртып атса... А бир боорубуз казак калкы кан жутуп, ичтен да, сырттан да сокку жеп, алсырап турган чакта, калың казак элине кайрат айтып, жок дегенде моралдык колдоо көрсөткөндүн ордуна, жандалбастаган токаевдердин калпына ишенип, ошолордун сөзүн сүйлөө - уят, осол иш. Назарбаеви, Токаеви, кимиси болбосун, эртең, эртең болбосо, бүрсүгүнү бийликтен кетет. Бир тилде сүйлөшкөн тууган, боордош, коңшу калк - казак эли кыргыз менен жанаша кылымдарга кала берет.

Абдувахаб Мониев