"Өлүп көрүп белең"- деген кеп бар. ОДКБ дагы ушундай кырдаалга тушукканда, тажрыйба жогунан не кылаарын билбей абдырап калганы бар. Кыргыз - Тажик жаңжалында ошондой болгон.
ОДКБ балалык доорунан өттү. Анын бетин ары кылсын, бирок мындан ары дагы кооптуу жагдай жарала калса, тегиз бирдикте аракеттер көрүлөөрү шексиз.
ОДКБ жетилди, региондогу коопсуздукту камсыздоочу таасирдүү уюмга айланды деп ишенимдүү айтсак болот.
Кыргызстандын бул уюмга мүчөлүгү коопсуздугубуздун кепилдиги. Биз ОДКБ келишиминдеги милдеттенмелерибизди так жана абиийрдүүлүк менен аткарып гана толук кандуу, тең ата мүчө боло алабыз.
ОДКБдан чыгуунун коңшулар менен мамилени салкындаткандан тышкары кесепеттери да оор болот. Бул жактан чыгып башка блокко кошулуу, алар менен алакалашып жан сактоо да оңой эмес. Катташа турган жол да жок, алыс. Экинчиден, ал блоктун аракеттери биздин регионго бүлүк салуу экени жашыруун эмес болгондуктан, биздин аракетибиз душманга колтук ачканга тете болот. "Көчүк кыскан бай болот", - деген кыргыздар, жылкыбызга ченеп ышкырып, черүүгө аттанган 150 жоокерибиздин өмүрүн тилейли.
"Жоокер жөнөтпөйлү", - деп чырылдагандардын да болгону жакшы. Элибиздин үнү, тилеги баурларга жетип жатат. Казактар да жалпы коопсуздук үчүн болгон аракеттер экенин акыры түшүнөт. Жоокерлерибизди Кудайым өзү колдоп, кырсыктан тышкары болсун. Казак туугандар дагы тынчып, бейпил турмуш орносун!