Генерал Артур Медетбеков Казакстандагы окуялар Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратпайт, бирок Өзбекстан менен Тажикстан бийлиги үчүн олуттуу коңгуроо экенин билдирди. Айтымында, Кыргызстан бул жолду басып өткөн, учурда өлкөдөгү туруктуулукка басым жасалууда.
"Бирок Казакстандагы кырдаал кыргыз экономикасына терс таасирин бериши мүмкүн. Анткени, биз Казакстандан азык-түлүк жана энергетикалык товарларды алабыз, транзит боюнча да көз карандыбыз. Буларды эске алганда, эгерде башаламандыктар создугуп кетсе, Кыргызстан баалардын өсүшүнө туш келиши мүмкүн", - деди Медетбеков.
Казакстанда январдын алгачкы күндөрүндө башталган элдик толкундоолор токтой элек. Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ тынчтык орнотуучу күчтөр Казакстанга кире башташты.