Бүгүн Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер жиберүү маселесин кароодо. Биринчи бөлүгү ачык болуп, калганы жабык эшик артында карала турган болду.
Депутат Камила Талиева жыйынга фракция лидерлеринин келбей койгонун айтты.
"Ушундай маанилүү маселе каралып жатканда фракция лидерлери эмнеге жок? Анда алардын эмнеси лидер?! Бул жерде эки гана фракция лидерлери отурат. Кана Мадумаров, кана Төрөбаев?! Жоопкерчиликти баарыбыз моюнга алып жатабыз. Кыргыз Орто Азиядагы байыркы эл, казак менен эгиз элбиз. Артык кылабыз деп тыртык кылып албайлы! Арабанын алдына түшпөйлү, шашпайлы!" - деди Талиева.
Казакстандын президенти Касым Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ коңшу өлкөдөгү элдик толкундоолорду басыш үчүн аскер жиберүүгө макул болгон. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин кароосунда болууда. Мыйзам боюнча, Кыргызстандан Казакстанга аскер жалпы депутаттардын үчтөн экиси макул болгондо гана жиберилет.