Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 автоунаа жөнөтүлөөрүн билдирди.
"Кыргызстан ЖККУнун кызматташуусунун алкагында Казакстандагы тынчтык орнотуучу операцияга катышууну чечти", - деди Ташиев.
Эске салсак, элдик толкундоолордон улам Казакстандын президенти Касым Токаев ЖККУдан куралдуу күч сураган. Россия менен Белорусия макул болгон. Россиянын аскерлери кечээ, 6-январда Казакстанга келишкен. Кыргызстан бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна койгон. Башмыйзамга ылайык, жалпы депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу керек болчу. Кечээ кворум болбой, парламенттин кезексиз жыйыны өтпөй калган. Ал эми бүгүн бул маселе жабык эшик артында каралды.