Казакстандын президенти Касым Токаев ЖККУга аскерлерди жиберүү өтүнүчү менен кайрылган. Россия менен Белорусия буга макул болушканы тууралуу айтылууда. Ал эми Кыргызстандын парламенти Токаевдин өтүнүчүн жабык эшик артында кароону чечти. Бул аралыкта кыргыз коомчулугу Казакстанга аскер жиберүүгө макул эместигин айтышууда. Көпчүлүк өз элине каршы ок аттырууга сырттан жардам сураган казак бийлигин сынга алышты. Ошону менен катар кыргыз аскерлеринин коңшу өлкөгө жиберилишинен биринчи кезекте карапайым калк жабыркай турганын белгилешүүдө. 

Жаналы Нурманбетов: "Элин өз аскерине аттырып, өз бийлигин, жанын сактоого чет элдин аскеринен колдоо күткөн Назарбаев-Токаев бийлиги өздөрүнө көр казды!"

Улукбек Маматаев: "Эгерде Кыргызстан ОДКБнын кылмыштуу чечими менен макул болуп, суверендүү Казакстан Республикасына аскер жиберсе, келечекте казак эли менен болгон мамиле болуп көрбөгөндөй бузулат".

 

Эмилбек Каптагаев: "Кыргыз жоокерлери Казак чегине кирбеши керек!" - деген талаптар айтылып жатат, бул абдан туура. Анткени, учурдагы ураа... ураа... деген саясатка жетеленип, ал жакка аскер жиберип, анан алар ал жакта эч нерсе кылбай эле, "кукуруза кайтарып жүрсө" дагы убакыт өткөндөн кийин казак туугандардын алдында тилибиз кыска, "кепке кемтик, сөзгө сөлтүк" болуп калабыз. Келечекти дагы ойлонуубуз зарыл".

  

Виктория Бирюкова: "Не один солдат из Кыргызстана не должен ступить на землю Казахстана в составе миссии ОДКБ".