Ушу тапта соцтармактарда учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин 2017-жылдын 2-августунда С.Жапаровго жазган каты кызуу талкууга алынып жатат. Биз дагы архивти аңтарып, ошол кайрылууну кайрадан жарыялап коюуну чечтик:

“Урматтуу досум Садыр!

Мен билбейм, бул катты окуганга сенин мүмкүнчүлүгүң болобу же жокпу, бирок, эгерде мен бугумду чыгарып албасам, анда карөзгөй бийликтин бүгүнкү “тыюу салган токтомун” бузуп салышым мүмкүн.

Ээ досум, убакытты карасаң кандай шуулдап өтүп жатат, 2005-жылы жаңы эле депутат болуп келип, чогулуп маектешип, мамлекет үчүн эч качан кыянаттык кылбайбыз, эл үчүн иштейбиз деп антташкан күн эсиңдеби, ошондон бери 12 жыл убакыт өтүптүр. Экөөбүз бирге 2 жолу депутат болуп шайландык, жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштедик, Кудайым күбө, ошол антыбыздан жазбадык. Айрыкча парламентте ар түрдүү чечимдерди кабыл алган учурларыбызда сенин чабалактап, чуркап жүрүп мамлекеттин кызыкчылыгы деп күйпөлөктөгөнүң көз алдымда турат. Көптөгөн кыйынчылыктарды да бирге басып өттүк, эрдигибиз да, катачылыктарыбыз да болду, бирок мамлекеттик кызыкчылыкты эч нерсеге алмаштырбадык. Сен ушул иште үлгү болдуң! Бүгүнкү сага чыккан окумду угуп каңырыгым түтөдү, бул соттун өкүмү саясий өкүм, сенден өч алып жатышат, мен билем сен өмүрүңдүн акыркы мүнөтү калганча сынбайсың, кайраттуусуң, себеби сен мекенчилсиң!

Досум, сен күнөөлүү эмессиң, муну элдин баары билет жана сени колдошот.

Досум, аяш атама барып келдим, Атанын көзүндөгү муңду, кадимки кайратын көзүнө гана топтогон Атамды көрдүм, бир аз сыркоолоп калыптыр, бирок бир да тамчы жашын чыгарган жок, а мен азырга чейин жашып жүрөм.

Бул күндөр да өтүп кетет...

2017-жыл, 2-август”.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить