- Биринчиден, бул жагдай саясатка барып такалат. Саясатта улуу-кичүү, жылуу-катуу мамиле, ызаат-урмат деген болбойт. Кызыкчылык гана болот.

Экинчиден, кол салууну ысыгында эле “тиги-бу” деп жакадан алып, чыбыкка бүтүм уруу апендичилик. Балким мындайды чагым деп атап, атайын уюштурулган десе неге болбосун. Анткени, шайлоодон кийин бийликти кулатуучу күчтүн бардыгы, атайын даярдыгы айтылып, кээ бирлери камалып да жатпайбы. Анын үстүнө бир жакшына иштеп жаткан сервер үзгүлтүккө учураганы да күмөн жаратат. Жарык өчкөн күнү да аккумулятор дегени бар го... Жөнөкөй ноутбук 5 саат иштейт керек болсо. Атайылаганы билинип калды. Анткени, пайыздар туура келбей жатат. Бийликти шерменде кылам деген күч чынында ичтен окшоп калды.

Ошондуктан бул окуяны “кол салуу” деп атоо кыйыныраак. “Имитация” деп койсо болчудай. Кол салам дегени автобус жалдап келип, чаламандын чак түшүндө, ачык кол салып, өзүн көрсөтпөйт да. Тымызын гана, же буйрутма менен  киллер аркылуу иштейт. Окшошпой турбайбы. Анын үстүнө телефонун алып, өзүн сабамыш ( биротоло тургус кылып сабап эле салмак ошондой болгондо) болгону да кызык. Бир сөз менен саясий оюндардын бир ыкмасы эле бу... “Зордукталган кыздын туугандарынын өчү”- деген ушак тарап жатат. Башка-башка ушактар бар. Кандайынан албайлы, бул бийликти басып алуунун “Б” планы.