Социалдык тармактарга Аксы районундагы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон Акат Момуновдун айланасындагылар менен бирге  Президент Садыр Жапаровго жолдогон видеокайрылуусу чыкты. Анда талапкер ага каршы административдик ресурстар колдонулуп, үгүтчүлөрүн, тарапкелерин коркутуп, опузалоолор болуп жатканы жөнүндө айтат. Бирок, ал өз сөзүндө кайсыл мамлекеттик же муниципалдык жетекчи тарабынан кандай ресурстар колдонулгандыгы жөнүндө бир да фактыны келтирбеди, жалпы эле административдик ресурстар жөнүндө айтты. Мындай сөздөрдү өз мүмкүн¬чүлү¬гү начарлап бараткандын кимиси болбосун айта берет, акчалары чачылган менен реалдуу шансы азайып бараткандын кабыргасы кайышып, жаны ачыганда андан да жаман сөздөрдү айткысы келиши да мүмкүн. Бирок, мамлекет башчысына кайрылган адам административдик  ресурстар жөнүндө сөз кылганда ой жорууларга, болжолдорго эмес, фактыларга гана таянышы гана керек.

Бизди бушайман кылганы бул эмес, анын айрым жактоочуларынын ультиматумдук тондо сүйлөгөндөрү болду. Алардын айтымында, үгүтчүлөрүн телефон аркылуу коркутуп, опузалагандар болуптур. Биздин оюбузча,  мамлекет башчысын опузалабастан мына ошол өздөрү айткандарды дыкат текшертип, тез арада адекваттуу чараларды көрдүрүүнү суранышса туура болмок. Мүмкүн, опузалагандар (эгерде болсо), бийлик органдарына таптакыр тиешелери жок, атаандаштардын адамдары болушу да ыктымал. Анан шайлоо жөнүндө жаңы эрежеге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге гана эмес, мугалимдерге да үгүт иштерине катышууга тыюу салынган. Ал эми Акат мырза менен бирге ультиматумдук тондо сүйлөгөндөрдүн дээрлик баардыгы азыркы жана мурдагы мугалимдер экен. Бирөөсү ачык эле өзүн бир мектептин мугалими деп тааныштырды. Өзү шайлоо эрежесин бузуп жаткан талапкердин жогоруда айтылгандай талап менен чыкканы мыйзамга да, жөн эле этика, моралга да ылайык келбейт.  Мындайды “өзүнүн башындагы чөптү көрбөй...” деп коюшат.

Шайлоодо сөзсүз уткандар менен бирге утулгандар да болот. Утулуп бараткандар жөн эле долуланбастан аны көтөрө билип, реалдуулук менен эсептешип, уткандарды куттуктаганды үйрөнгөндө гана  цивилдүү жолго түшөбүз.

Баяна Кулова