- Бул шайлоо таза өтөт, бийлик мурункулардай кийлигишпейт, эл тандаган азаматтар парламентке келет деп ишенсек болобу?

- Алдыдагы парламенттик шайлоо мурунку шайлоолорго караганда тазараак өтчүдөй. Буюрса, шайлоо процессин тыкыр карап, баамдап турабыз. Президент дагы таза шайлоо боюнча кам көрүп жатканын угуп жатабыз. Кудай бийликтин атын жамынган айрым адамдардын кесепетинен сактасын. Анткени, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн шайлоонун таза өтүшү маанилүү. Шайлоо таза өтсө, саясий стабилдүүлүк болот. Экономика көтөрүлөт. Парламенттик шайлоонун чатак менен коштолушу элге-журтка талкан бербесин баары түшүнүп турат.

- Экономиканын төмөндөшүнө кимдер күнөөлүү? Марипов кандай иштеди деп ойлойсуз?

- Экономиканын бүгүнкү акыбалы депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлерге майдай жагат. Ооздорун чоюп сын айтышат. Ал турсун алар экономиканын азыркы абалын элдин добушун алуу үчүн да пайдаланышат. Негизи экономикабыздын төмөндөшүнө, акыбалыбыздын оорлошуна 30 жылдан бери келаткан кесепеттер себеп болду. Тагыраагы, сырткы факторлор көбүрөөк жолтоо болуп келатат. Негизи Марипов колунан келишинче иштеди. Бирок келечектин талабына бул киши жооп бербейт. Ошону эске алып аны кызматтан алганы туура болду.

Булак: «Майдан. kg» гезити