- Калдарбек ага, шайлоого партиялардын дагы деле көп катышып жатканы дагы деле бийликти колго алууга аракети зор экенинен кабар береби?

- Кана ошондой болсо, бизде деги эле аты менен заты төп келишкен партия аз. Башатында эле туура эмес учкашуу жараяны жүргөндүктөн, тагыраагы, он мүчөң болсо эле партияңды каттата бер деген көрсөтмө мына ушундай “галдирбайчылыкты” жаратты. Партия десе тууган-туушканды, колу-кошунаңы, тааныштарыңы   түшүнө бер... Анткени, бизде партия шайлоо үчүн гана кагаз бетине чийилип калат. Башка кезде аны неге кошуп жештин ыкмасын деле билишпейт. Тагыраагы, партиялык түзүлүш, деги эле партия деген түшүнүктүн классикалык аныктамасына алигиче түшүнүшө элек. Түшүнбөйт да сыягы, менимче бир аздан кийин аны сүрүп чыгарып салышат чамасы. Балээнин баарын ушул шайтанат жаратты деген пикир элге сиңип баратат. Бул жаңылышпы же башкабы аны мезгил өзү аныктаар.

Ал эми партиялардын шайлоого тизилип бараткан кербендердей чубалып баратышы партиялардын кандайдыр бир саясий кармашы же башкасы эмей эле, шайлоодо эптеп утуп чыгуу аракети. Анткени, көпчүлүк партиялардын аттары гана башка, агымы, нугу бипбирдей. Программасы, идеясы ким бирөөдөн көчүрүлүп кагазга гана түшүрүлгөндүктөн, шайлоо алдындагы баш кошуулар, ажырашуулар, биринен экинчисине өтө качуу сыяктуу көрүнүштөр арбын. Ошон үчүн бир партия ит болуп калса, жанагы 200дөй катталган партиялардан тандап, сатып алып, шапкени алмаштырышып бара беришет. Анан кайдагы идея, кайдагы партия... Бир сөз менен айтканда партиялар мындай турсун, биз ошолордун чаңында адашып калгандайбыз.

- Жарышка кандай саясатчылар аттанды?

- Албетте өз күчүнө, аброюна, негизи капчыгына терең ишенгендер партияларга көз каранды болбой, “жекеме-жекеге” чыгышканы менен аларды да тобокелчилик күтүп тургандай. Анткени, бир эле округда кыйынмын дегендердин үчөө-төртөө кылычтарын кынынан сууруганга камданып жатышат.  Ал эми партиялардын жуурканына оронуп баратышкандардын бир тобу кечээ беттерине көө сүйкөп алгандар. Демек, өзүнүн чөлкөмүндө аброюнан ажырагандар. Албетте, тыңыраагы, ортозаары, дегеле эчтемкеге жарабаганы да бар. Айла канча, бизде шайлоо кыргызча шайлоо...

Булак: «Майдан. kg» гезити