Бир мандаттуу округдардан шайлоо системасы киргизилгени, көптөгөндөр өз бактыларын сынап көргөнү  жатышат. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да бар. Өзү туулуп, өскөн Кара-Суу округунан депутаттыкка аттанды.

Шайланабы, жокпу Искендер мырза өзү айткандай, ал бир Кудайга гана белгилүү. Бирок Матраимовдор кланынын улуусунун бир мандаттуу округдан шайлоого катышуусу кара-суулуктардын Матраимовдорго болгон мамилесин, алардын Кара-Суу районундагы салмагын күзгүдөй эле  көрсөткөнү туру.

Дегенибиз, Матраимовдор Кара-Суу районунда болуп көпбөгөндөй салмакка, таасирге ээ болуп келишкени маалым. Районду башкарууну да колго алып, райондогу бардык кадрдык маселелер ушул кландын колунда болуп келди. Бирок өткөн жылдын октябрынан кийин саясий процесстердин өнүгүүсү кескин өзгөрүп, Райымбек Матраимовго иш козголуп, камакка алынып, мамлекеттин эсебине 2 млрд. сомго жакын төлөп берди. Ал түптөгөн Бажы системасындагы коррупциялык схеманын иштөөсүнө бөгөт коюлду,  эл, коомчулук Матраимовдордун ким экендиктерин билди.

Суроо туулат, мурда Матраимовдорду кожосундай көрүшкөн кара-суулуктар үчүн азыр Матраимовдор ким? Бул кланга болгон көз караш өзгөрдүбү же дагы деле колдоп алышабы? Бул суроого шайлоонун жыйынтыгы менен жооп алабыз.

Булак: «Майдан. kg» гезити