"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары биригип, шайлоого чогуу катыша турган болушту. Буга байланыштуу документтерге кечээ, 6-октябрда кол коюшканы белгилүү болду.
Бул партиялардын лидерлери болуп Марлен Маматалиев менен Чыңгыз Макешов саналат. Мындан тышкары, бул партияларга "Чоң Казат" менен "Бирге" партиялары да кошулат. Шайлоого "Ынтымак" аталышынын алдында барышат.
Бириккен партиялар "Ынтымак" деген ат менен катышышат. Буларга дагы бир нече партиялар кошулушу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин "Улуттар биримдиги", "Ар-Намыс" жана НДПК бириккенин жарыялаган. Ал эми "Ата Мекен" жана "Реформа" "Альянс" партиясы болуп биригишкен.